Ыктыярчылар дарыгерлердин жардам алышына бийликтеги айрым жогорку кызмат адамдары тымызын тыюу салганын айтышууда. Саламаттык сактоо министрлиги демөөрчүлөрдөн жардам кабыл алууга эч кандай тыюу жок экенин кабарлады.
«Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева - пандемия башталган март айынан бери ыктыярчы катары ишкерлерден акча чогултуп ооруканаларды коргонуучу каражаттар, медициналык жабдуу, дары-дармек менен камсыз кылууга аракет кылып жаткандардын бири. Чыныбаева акыркы күндөрү медициналык мекемелерге жардам берүүдө тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди:
«Ар кандай жабык «WhatsApp» чаттарда «кимдир-бирөөлөр жардам аркылуу пиар болбошу үчүн дарыгерлер ыктыярчылардан жардам албашы керек» деген сөздөр башталды. Мен такталбаган маалымат болуш керек деп көңүл бурган жокмун. Кийин ар кандай үч-төрт булактан маалыматтар келе баштады, «"Ротари Клуб" уюмунан, Айжан Чыныбаева жана Гүлнура, Назира деген кыздардан жардам алууга тыюу салынган» деген. Кийинки күнү эртең менен биз жардам берген ооруканадан чалып отчёт беришим керек экенин айтышты. Мен «биз жардам берип жатабыз, тескерисинче силер отчёт беришиңер керек» дедим. Мен арданып анан кайрылуу жаздым».
Жарандык активист Айжан Чыныбаева президентке жазган ачык кайрылуусунан кийин президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Чыныбаеванын айтымында, Кененбаев эч кандай тыюу болбогонун айткан. Чыныбаева дарыгерлердин ыктыярчылардан жардам алышын токтотууга кимдердин кызыкчылыгы бар экенин мындайча божомолдоду:
«Анын айланасындагы (ред: президент) айрым адамдар же Саламаттык сактоо министрлигиндеги адамдар болушу мүмкүн. Аларга кимдир-бирөөнүн өтө жандуу же өздөрү ойлогондой белгилүү болуп жатканы жакпайт. Алар каалагандай тил алчаак эмесмин».
25-июлда социалдык тармактарга Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Осмоналиевдин колу коюлган документ тараган. Анда мындан ары демөөрчүлөрдөн социалдык тармактар аркылуу жазуу түрүндө жардам сурап, өкмөттүн ишине доо кетирген медициналык мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралары жазылган.
Осмоналиев Таш-Көмүр аймактык ооруканасында медициналык каражаттар жетиштүү экенин, ушул тапта иштетилбей турган 1 млн. 480 миң сому бар экенин белгилеп, «ошондон улам ушундай кат жиберилген» деп түшүндүргөн. Анын айтымында, буга чейин «Таш-Көмүр аймактык ооруканасында эч нерсе жок» деп жардам сураган кайрылуу тарап кеткен.
Жарандык активист Айжан Чыныбаева дал ушул каттан кийин көпчүлүк дарыгерлер жардам алуудан чочулап калышканын белгилеп, учурда бийлик документ тууралуу түшүндүрмө таратканын туура болду деп эсептейт.
Анткен менен дарыгерлер арасында ыктыярчылардан жардам алуудан кооптонуу дагы эле сакталып тургандай. Учурда медициналык кызматкерлерге тамак берип жаткандардын бири, журналист Чынара Капарова мурункудай ачык эле жардам сурагандар азайып калганын байкаганын айтты:
«Бир-эки дарыгерге чалып «сиздер тамак сурапсыздар» деп тактайын десем, башында «ооба» деп дароо дарегин айтышчу. Акыркы күндөрү «тамак жетпей жатканын ким айтты?», «ким чалды эле?», «тамагыбыз бар, бирок ашык болсо алып келе бергиле» дегендей кооптонуу пайда болуп калганын байкадым. Даректерин так айтпай, «өзүңөр алып келсеңер макул» дегендей шектенүү бар».
«Азаттык» радиосунун социалдык тармактардагы баракчасына өзүнүн ысымын анонимдүү калтырууну каалаган Бишкек шаарындагы дарыгерлердин бири ыктыярчылардан тамак алууга өкмөт тыюу салганын жазды. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 28-июлда өткөн брифингде министрлик тарабынан жардам алууда расмий тыюу жок деп ишендирүүгө аракет кылды.
«Саламаттык сактоо министрлигинде гуманитардык жардамга тыюу салуу тууралуу эч кандай расмий жарлык же буйрук чыккан эмес. Мындай буйрук аймактарга да жиберилген жок. Биз клиникаларга, дарыгерлерге, негизи эле саламаттык сактоо тармагына тиешелүү көмөк көрсөткөн бардык ыктыярчыларга, ишкерлерге, эл аралык уюмдарга жана катардагы жарандарга чоң ыраазычылык билдиребиз», - деди Акматова.
Кыргызстанда пандемия башталганы ири ишкерлерден баштап, пенсиядагы карыялар, чет жердеги мекендештер, кала берсе мектеп окуучуларына чейин медициналык мекемелерге жардам берүүгө кол сунушту. Ыктыярдуу топтор элден каражат топтоп, борбордон баштап аймактарга чейин медициналык жабдык, дары-дармек менен камсыз кылууда чоң салым кошту. Коомчулукта бийликтин пандемияга карата чабал даярдыгынан улам оор абалды жөнгө салууну ыктыярчылар колго алганын белгилеп, өкмөттүн өз милдетин аткара албай калганын сындагандар бар.
Дагы караңыз Тумоого каршы күрөштүн көрүнбөгөн жоокерлери«Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбектин пикиринде, учурда бийлик ар кандай ыкмалар менен өзүнө саясий упай топтооого аракет кылып жатат.
«Учурдагы абалдын турукташып баратканы активисттердин, ыктыярчылардын, ишкерлердин жардамы менен болуп жатат, - дейт ал. - Андыктан бийликтин «ыктыярчылардан жардам албагыла» дегени жеңишти биз камсыздадык деген элес калтыргысы келип жаткандай. Ыктыярчыларды күндө өкмөткө чакырганы - «алар да биздин көзөмөлдө, биз менен иштешкени үчүн ийгиликке жетиштик» дегенди айткысы келип атат».
Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада ыктыярчылар менен жолугуп, пандемия учурундагы алардын салымын жогору баалаган. Бирок андан көп өтпөй эле ыктыярчылардын жардамынан баш тартууга үндөгөн тымызын талап тууралуу кабарлар чыгып жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө бир нече дарыгер саламаттык сактоо тармагындагы маселелерди айтып чыкканы үчүн жетекчилигинин кысымына кабылып, кайрадан кечирим суроого мажбур болгон.
Учурда өлкөдө азыр да адам өлүмү анча азая элек. 28-июлда COVID-19 илдетинен 28 бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1 329 адамга жетти. Өлкө боюнча илдет жугузуп алгандардын жалпы саны 33 844 кишини түздү.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.