Климаттын таасири: Баткендеги аргасыз мигранттар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасында 2050-жылга карай Кыргызстанда 200 миңге чукул киши климаттын өзгөрүүсүнүн айынан жер которуп, аргасыз мигрантка айланары айтылат. Быйыл жер бетинде экологиялык качкындардын саны 30 миллиондон ашты. Бул согуш-жаңжал жүргөн аймактардан качкандардан үч эсе көптүк кылат. Кыргызстандын үч өлкө менен чектешкен стратегиялык Баткен облусунда экологиялык көйгөйлөр миграцияга кандай таасир этип жатканы тууралуу айтып беребиз.