Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки айга камакка алынды. Башкы прокуратура ага «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айып коюуда. Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу камалган биринчи аткаминер.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин камалды. Соттун 17-сентябрдагы чечимине ылайык, Чолпонбаев бул аралыкта Бишкектеги №1 тергөө абагында болот. Ал сотко алынып келгенде журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, «комментарий бере албай» турганын айтты.
Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Эрмек Асанов Чолпонбаев Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен каралган кылмыш иши боюнча шек саналып жатканын маалымдады:
«Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Натыйжада мамлекеттик бюджет 65 млн. сомдук зыян тарткан».
Коронавируска каршы даярдыгы чабал деген сындан кийин саламаттык сактоо министринин кызматынан 1-апрелде бошотулган Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ал «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.
Дагы караңыз СОVID-19: Чолпонбаев жалгыз жоопкерби?Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча «эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл» деген жүйөнү карманып турушат. Ал эми анын жактоочусу Марат Эшперов кардары менен макулдашмайынча журналисттерге комментарий бере албай турганын билдирди.
Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. Эки жыл иштегенден кийин быйыл 1-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.
Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган.
Дагы караңыз COVID-19дан улам козголгон жоопкерчиликАзырынча күч түзүмдөрү Чолпонбаев шек саналып жаткан иштин чоо-жайы, кайсы компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөнү боюнча кенен маалымат бере элек.
Юстиция министрлигинин сайтында Чолпонбаев Космосбек Сариевичтин ысымына саламаттык сактоо жаатында иш алып барган «Кыргызфармимпэкс» ишканасы катталганы тууралуу маалымат турат. Чолпонбаев министрлик кызматка келгенге чейин Кыргызстандагы фармакологдор бирикмесинин төрөгасы болуп турган.
Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова саламаттык сактоо тармагы коррупциялык иштерге аралашып жатканына кейиди:
«Чолпонбаев фармакология тармагында ийгиликтүү ишкер катары таанымал болчу. Бирок ал кандай жол менен министрликке келип калганын билбейм. Ушундан улам далилдөөчү медицина тармагында Чолпонбаев менен көз карашым бирдей эмес болчу. Мен далилдөөчү медицинанын эксперти катары эмнелерди сатып алыш керек экенин, кайсы жерде коррупциялык коркунуч көп экенин айтып турчумун. Эми мен айткан сөздөр туура чыкты. Бирок Чолпонбаевди так кайсы иш үчүн айыптап жатышканын айта албайм. Менин демилгем - коррупциялык иштерге каршы туруу. Медицина тармагы коррупциядан алыс болуп, элдин саламаттыгы менен алек болушу керек болчу. Мындай иштер болуп жатканы мени өкүндүрөт».
Укук коргоо органдары териштирип жаткан иштер буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча иликтенип жатканы кабарланган.
Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.
Өмүрбекова «мен кызматта турган учурда катачылык болгон эмес» деп билдирген жайы бар:
«Февраль менен март айына мен жооп берем. Менде бардык далилдер бар. Ал эми Чолпонбаевдин камалышы тууралуу укук коргоо органдары кеңири маалымат бере элек. Аны коронавирус пандемиясынын убагында кылган иши үчүн камадыбы же ага чейинки иштери тууралуу суралып жатабы? Буларды так билбей туруп комментарий берүү оор болуп турат. Эгер коронавирус убагында болсо - биз андайга жол берген эмеспиз. Бирок бул Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам жумушу да. Ошондуктан өкмөт алардын мындай ишине кийлигишчү эмес. Биздин жумуш - алардын саясатын аныктап берүү болчу. Чолпонбаевдин камалышы балким Коопсуздук кеңешинин астында көрсөткүч катары керек болдубу деп ойлойм».
Саясий айдыңда Чолпонбаевдин кармалышынан улам бул бийликтин пандемиядагы алешемдиктерди териштирүү аракетиби же шайлоо алдындагы кожо көрсүн кадамыбы деген суроо жаралды.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев бул боюнча өз оюн ортого салды:
«Бул маселеде бир эле киши фигурант болбойт. Себеби эмне сатып алса да тендер деген жарыяланат. Аны бир министр өзү жалгыз чече албайт. Ал жерде комиссия бар. Мен өзүм баш-аягы 11 жыл министрликте иштедим. Бул тармакты жакшы билем. Чечим чыгарар алдында аларды карап турган өкмөт бар, министрликте жоопкерчиликтүү кызматкерлер бар. Вице-премьер-министрдин, өкмөт башчынын макулдугу менен ишке ашат. Мына ушуларды эске алыш керек. Эгер Чолпонбаевди айыбы такталып, далилденсе - албетте, ал жооп бериши керек. Бирок дагы бир жолу айтайын. Бул жалгыз кишинин колунан келе турган иш эмес».
Коомчулукта пандемияда каза болгондордун айрым жакындары бийликти эпидемиологиялык абалдын алдын албаганы үчүн айыптап, жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылып жүрүшөт. Азырынча бийлик алардын талабы боюнча үн ката элек.
Адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү жана аны жоопко тартууну суранган.
Башкы прокуратура анын арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында сентябрь айынын башында карай баштаганы белгилүү болгон.
Хасанов Чолпонбаевдин камалышын пандемия учурунда Кыргызстандагы аткаминерлер сырттан келген акчаны сол чөнтөккө салганынын далили катары көрүп турат.
«Шалаакылык болгон үчүн 1500дөй киши жөн жерден өлгөн жок да, - деди ал. - Ооруканалардын даяр эместиги, орундардын жоктугу, дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздиги байкалып турду. Муну тиешелүү министрликтер күн мурунтан даярдап коюшу керек эле да».
Кыргызстанда коронавирус илдети алгач 18-мартта катталган. 17-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү да күнөөлөп келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.