Айтибай шайыр бала эле...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жыл башынан бери өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны 20га чукулдады. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарында жана Ош облусунун Араван районунда катталды. Адистер мындай кайгылуу окуянын себебин балдардын ата-энелери жанында жоктугунан жана аларга жетиштүү көңүл бурулбай калганы менен байланыштырат. Анткени өз өмүрүн кыйган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энелери миграцияга кетишкен экен.