Бюджеттин тартыштыгын кыскартууга болобу? Өлкө казынасын толтуруунун дагы кандай жолдору бар? Өкмөт бул багытта кандай чара көрүшү керек? Тышкы карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн кайра карап чыгуунун зарылчылыгы барбы?
«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров, экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев катышты.
«Азаттык»: - Акылбек мырза, финансы министри кечээ президент менен жолукканда өлкөнүн 2020-жылкы бюджети 15% аткарылбай калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул коронавирус илдетинин жайылышы менен байланыштырсак болобу же башка себептери барбы?
Акылбек Жапаров: - Азыр баарын эле коронавируска байланыштырып жатышат. Мен Финансы министрлигинен ушул цифраны тактап берсеңер деп сурандым. Анткени болжоп айткандай каржы органы Маданият министрлиги эмес да, ар бир сандын эсеби, анализи болушу керек. Кайсы киреше түшпөй калат, ал экономиканын кайсы секторунан болот, кайсы салык түшпөй калышы мүмкүн - мунун эсеп-чоту так болушу керек. Жөн эле элди коркута бербеши керек.
Эгер чындап эле ошондой киреше түшпөй кала турган болсо, анда 15% чыгашаны да азайтарын айтышы керек. Мисалы, «Айлык акыны, пенсияны, жөлөкпулду кеспейм, башка чыгымдарды, негизги фонддорду, иш сапарына кетчү чыгымдарды, сатып алууну азайтам» деп ачык маалымат айтылышы керек болчу.
Эгер ошондой олуттуу маселелер жаралып жаткандан кийин Финансы министрлиги парламентке келиши керек, биз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Жугуштуу ооруга шылтоолоп министрлик мыйзамды каалагандай өзгөртө албайт. Жетишпегендерди кайсы булактардан жабабыз - ушуну чечишибиз керек.
Мен өкмөткө биздин бюджет 2019-жылдын деңгээлинен түшпөшү керек деп айтып жатам. Ошол деңгээлде калса да биз коргоочу беренелер боюнча бюджеттик каражаттарды толук төлөй алабыз. Ансыз деле 2020-жылы келе турган акча деп 10 миллиард сомду таңкыстык менен бюджетке кошуп алганбыз.
«Азаттык»: - Кайрат мырза, кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу жабылган ишкана ээлерине салык жана насыялык каникул берүүнүн жолдорун караштырып жатканын билдирүүдө. Муну кандай чечмелесек болот? Салыктан каникул берсе бюджетке эле зыян эмеспи?
Кайрат Итибаев: - Бул сунушту айрым ишканалардан салыктан кечип туруу же мөөнөтүн узартуу, жеңилдик берүү деп түшүнсөк болот. Анда ар бир ишкананын, ишкердин тизмеси так жазылышы керек. Айрым ишканаларга насыянын төлөө мөөнөтүн токтотуп турууга уруксат берилиши ыктымал. Банктарды да түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып жатышкандай. Өкмөттө мындай чечим кабыл алына элек, азырынча идея катары айтылды.
Менимче, биздин өкмөт ушундай кырдаалда кантип иштейт, кайсы маселелерди чечет так айтышы керек эле. Мисалы, Сингапурдун өкмөтү коронавирус жайылып жаткан шартта үч багыт боюнча: медицина, экономика жана психология багытында кантип иш алып барарын айтты. Ошол милдеттерди аткарууга 4 миллиард доллар акча бөлүнөрүн да кошумчалады. Ошого жараша так иш-чаралар түзүлгөнүн ырастады.
Кыргызстанда ошондой стратегиялык көрөгөчтүк болбой жатат. Биздин өкмөт болжолдоп бир нерселерди айтып жатат. Өкмөт «штаб түздүк» дейт. Ал эмне иш алып барат, толук маалымат да жок. Бир вице-премьер министр Өмүрбекова «бюджет жетишпестиги 20 миллиард сом болот» десе, экинчи вице-премьер-министр Асырандиев «24 миллиард сом болот» дейт. Бул биздин өкмөттүн учурдагы кырдаалга карата так планы болуш керек деген талапты айтып турат.
Бюджет - элдин акчасы, ал ачык болушу керек. Идеологиялык жактан караганда «мамлекеттик бюджет» деген туура эмес, «коомдук бюджет» деп аташыбыз керек. Бизде бюджеттин купуялуулугу деген шылтоо менен көп маалыматтар ачык, так айтылбайт.
«Азаттык»: - Акылбек мырза, Финансы министри Жээнбаева эл аралык финансы институттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Алар каражатты кандай шартта берет? Дегеле, алардан бюджетти колдойт деп канчалык ишенсек болот?
Акылбек Жапаров: - Азыр баары өз алапайын таппай калды. Биз тез аранын ичинде канча акча сурасак да чечип бере ала турган жалгыз эл аралык финансы институту – Эл аралык Валюта Фонду. Канча акча ала турганыбызды, ал эмнеге жумшаларын өзүбүз так билишибиз зарыл. Сыртка төлөй турган акчабыз 28 миллиард сом болуп жатат. Мындай шарта абалыбызды туура түшүндүрсөк ЭВФ, Кытай өкмөтү да макул болот эле. Ал үчүн сүйлөшүүлөрдү тез аранын ичинде баштап, бир айдын ичинде маселе чечилиши керек. Ошол 28 миллиард сомду сыртка кетирбей, ички экономикабызга жумшасак бюджетибизге чоң колдоо болмок…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)