Сүйүнбай Эралиев. Жылдыз жандаган өмүр

Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев.

Кыргыз поэзиясынын дагы бир алпы, атактуу акын Сүйүнбай Эралиев дүйнөдөн өттү.

Адабияттан кабары бар, Сүкөнүн жок дегенде бир чыгармасын окуган ар бир кыргыз: “Кайран акын, келгис сапарына кеткен экен” деп толгонуп алары турган иш го. Анан калса бул турмуштун оошу менен кыйышы, жарыгы менен караңгысы тууралуу Сүйүнбай аганын жазган мындай бир ыры бар эле:

Кире тартып жер которгон кербендей,

Турмуш көчү жүрө берет турбайбы.

Ар-ар кимге энчи кылып бергендей,

Алмашылып бирде шаттык, бир кайгы.

Аттиң, арман, кыска кылып көктөмүн,

Аз жашатып койгон адам баласын,

Кайсы күнү өмүр бизден кеткенин,

“Жалп” өчкөнүн байкабай да каласың...

Сүкөбүз да арабыздан ошентип кетип, Аалыкенин бир жолку сөзү менен айтканда, заматта ак булутка айланып, “бууланып” кетти. Ырас, акын агабыз армансыз эле жашады, 95 жашка келип, жүзгө бет бурган кезде, өзү айткандай, “жер которгон кербен” сыңары келгис сапарына кетти. Бирок артына чоң руханий дүнүйөнү калтырып кетти. “Ак мөөр” менен “Көк сулууну”, “Жылдыздарга саякат” менен “Жолду”, “Кошой коргон” менен “Уяң жылдыздар” сыяктуу поэмаларды, орус акыны Александр Твардовскийдин “Василий Теркин” деген классикасынын кыргызчасын, америкалык улуу акын Уолт Уитмендин “Жалбырактар” деген ыр китебин, Шиллердин “Мария Стюартын” эне тилибизде сүйлөтүп туруп кетти.

Байдылда Сарногоев таамай айткандай, “суу төгүлбөс боз жорго” Сүйүнбай акын жанынан бир карыш жылбаган Альбина апанын артынан, кеминде кырк жылдай куштай кылып багып, жакасына кир жугузбаган байбичесинин артынан тиги дүйнөгө кете берди. А эгер Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтсак, кыргыз адабиятында жаңы кыйырды ачкан, “Жылдыздарга саякат” поэмасы менен кыргыз поэзиясында эстетикалык төңкөрүш жасаган, ошентип жаңы адабий доордун - модернизмдин, дагы тактап айтсак, “күмүш доордун” көшөгөсүн ачкан, артынан жоон топ шакирттерин ээрчиткен Эралиев агабыз адабий тарыхтын дагы бир маанилүү беренеси катары түбөлүктүүлүктүн төрүнө кетти.

Албетте, жаңы эле көзү өткөн кишинин, айрыкча Сүйүнбай Эралиев сыяктуу залкар акындын жасаган иштерин, чыгарган китептерин, адабият тарыхындагы маанилүү ордун бир сөз менен мүнөздөп берүү өтө оңой жумуш эмес. Ошондой болсо да “Жылдыздарга саякат” (кийинчерээк аны жөн гана “Жылдыздарга” деген ат менен китептерине киргизип жүрдү) поэмасынын авторун, баш-аягы 40тан ашуун китеп чыгарып, нечен котормолорду жасап, жогоруда айткандай, адабиятта, айрыкча поэзияда төңкөрүш жасаган, чоң адабий секирик жасаган акындын эң кеминде 70 жылдык чыгармачылык жолун адабиятыбыздагы абдан салмактуу жана баасы жогору бөлүгү деп айтсак туура эле болот го.

Сүйүнбай ага ошол 70 жылдык чыгармачылык жолун дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда, башкача айтканда, 1944-жылы баштады, алгачкы ырларын ок кечип, кан кечип жүрүп жазды.

Бактысы бар адам экен, согуштан туулуп өскөн Таласына аман-эсен кайтып келди. Келери менен гезит-журналдарда алгачкы ырларын жарыялады. Ошентип жүрүп биринчи китебин 1949-жылы чыгарды, ал эми 1967-жылы кыргыз поэзиясында этаптык мааниге ээ “Жылдыздарга саякат” аттуу атактуу поэмасын жазып, адабий турмушта башта кездешпеген дүрбөлөңдү салды. Адеп окуганда, ким да болсо бул поэманы таң калуу менен, керек болсо “Бул эмне деген чыгарма?” дегендей суроо менен окуду.

Мактагандарга караганда сындагандар, жатыркап кабыл алгандар, атүгүл Сүйүнбайдын деги дени-карды соо беле дегендер да көп болду. Кийин барып, жаңылык деген, жаңы жөрөлгө деген, новатордук деген ушул турбайбы деп түшүнүп жүрүштү. Чынында да Эралиев - чоң акын, чоң мастер, адабияттын алдыңкы сабында көч баштаган калемгер деген наам ошентип жаралган эле. Азыр эми ал поэма эч кимди таң калтырбайт, тек гана кыргыз адабиятынын бир маанилүү классикасы, модернизм доорунун алгачкы карлыгачы, артынан модернист акындардын бүтүндөй тобун ээрчиткен чыгарма катары тарыхта калды.

Ар кандай жаңы нерсе адегенде өгөйлөнүп кабал алынып, анан бара-бара көнүмүшкө айланып кетет эмеспи. Ошол сыңары акындын 1960-жылдардагы чыгармачылык изденүүлөрү баары бир окурмандардын, айрыкча сынчылардын жогорку баасына арзыды. Азыркы күндө Сүйүнбай Эралиев ачкан көркөм дүйнөлөр, айрыкча ак ыр, уйкашсыз ыр эч кимге деле жаңылык эмес, ал тургай, баарыбыз үчүн табигый нерсе. Баса, Сүкө тууралуу таланттуу акыныбыз Байдалда Сарногоевдин “Мидинге кат” деген тамашалуу чыгармасында мындай деген саптары бар:

Сүйүнбөй иниң - ал да өстү,

Суктана карап ай, көктү.

Жылдызга кылып саякат,

Жылдыздан көрүп ал көптү,

Уйкашсыз ырдан баар таппай,

Уйкаштуу ырга кайра өттү.

Адегенде уйкашсыз —

«Ак ырды» Сукең баштады.

Кээ бирөө аны туурайм деп,

Келесоо боло жаздады...

Чынында да Сүйүнбай Эралиев ак ырдын да, салттуу ырдын да данегин чаккан, асемин ашырган зор устат эле. Байдылда Сарногоев айткандай, Сүкө тез эле баягы ыргактуу ырларга, кыргыз силлабикасына катып келди. Бул жакта да нечен бир ыр берметтерин жаратты.

Акты жылдар, өттү баштан далайлар,

Кайдасыңар, бизди окуткан агайлар?

Кайдасыңар, бирге окуган курбулар,

Ал кездеги жашыл жылдар, ак айлар?

Бирге келип, анан кетти тарап из,

Алыс болду, жакын болду арабыз.

Барган сайын жылдын саны көбөйүп,

Барган сайын биз азайып барабыз.

Мезгил артка жыла түшүп бир азга,

Биз олтурсак анда олтурчу класста?..

Алыс кеткен ошондогу күндөрдөн,

Калды жалаң эскерүүлөр мураска.

Эскерүүлөр! Эскерүүдө көп кызык.

Силер башка, мен да башка бу чакта.

Бирок силер баштагыдай көзгө ысык,

Мен баарыңды кысар белем кучакка!

Бул ыр ошол Сүйүнбай акындын салттуу ырда жараткан классикаларынын бири.

Акын агабыздын чыгармачылык жолу абдан эле байсалдуу болду. 1981-жылы Александр Фадеев атындагы бүткүл союздук сыйлыкка татыды, 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры деген наамга арзыды. Натыйжада кыргыз адабиятынын “күмүш доорундагы”, башкача айтканда, 60-70-жылдардагы гүлдөгөн мезгилинин бирден-бир көч баштаган, ал доорго аябагандай жеке чыгармачылык салымын кошкон акынга жана котормочуга айланды.

С. Эралиев-котормочу - бул атайын изилдөөгө арзый турган чоң маселе экенин баса белгилей кетейин. Жогоруда айтылгандай, акын өтө көп убактысын котормо ишине коротту, дүйнөлүк адабияттын Уитмен, Лонгфелло, Твардовский, Шиллер, Есенин сыяктуу алптары менен кармашты. Маселен, Уитменди Эралиевден да жакшы которуу, менимче, мүмкүн эмес маселе. Ошол эле ойду Твардовскийдин “Теркини” тууралуу, айрыкча С. Есениндин “Перси кайрыктары” тууралуу айтсам туура болор эле.

Сүйүнбай Эралиев - кыргыз адабиятынын классиги - мында эч бир талаш жок. Ырас, кээде биз кимдир бирөөлөрдүн көңүлүн улап, “классик” же “улуу акын” деп айтып коё беребиз. Мындай сөздү айрыкча юбилейлерде көп айтабыз. А бирок Сүйүнбай Эралиев чынында да классик акын, чынында да улуу акын. Эмне үчүн? Эң негизги себеп Сүкөбүз кыргыз поэзиясын, улуттук ыр маданиятын жаңы багытка, жогоруда айтылган модернизм багытына бурган акын болду. Биздин поэзияны түп көтөрө жаңылаган, көнүмүш болуп калган формалардан, эскирип, кайталанып бараткан уйкаштардан, ритмдерден, темалардан кайт кылган акын катары эсте калды. Ал эми новатордук ырлары, айрыкча “Жылдыздарга саякат” деген поэмасы азыркы күнгө чейин революциячыл чыгарма катары, учурунда катуу талкууга түшүп, керек болсо Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетине чейин каралган, Чыңгыз Айтматовдун жеке жардамы жана колдоосу менен адабияттан татыктуу ордун тапкан китеп катары тарыхта калды. Чыкебиз ал поэма тууралуу “Правда” гезитине “Жаңы кыйырды ачкан китеп” деген макаласын орусча жарыялабаганда Сүйүнбай Эралиевдин адабияттагы тагдыры кандай болот эле, аны бир кудайдын өзү билет.

Сүйүнбай ага кыргыз адабиятынын тарыхындагы эң эле узак жашаган, 95 жаш өмүр сүргөн, 60ка жакын ар кандай жанрдагы китептерди чыгарып, акыры классик катары таанылган калемгер. Анын чыгармалары тууралуу бир катар илимий эмгектер жазылды, диссертациялар корголду, бирок чыныгы адабий изилдөөлөр дале болсо алдыда го. Анткени Сүйүнбай Эралиевдин акындык чебечилиги, котормочу катары кошкон зор салымы, новатор акын, жаңычыл акын, салттуу акын катары мааниси али да болсо чоң изилдөөчүлүк эмгекти талап кылган маселелер.

Сезген сайын жүрөгүмдө жанганын,

Жарык оту бийик-бийик жылдыздын,

Жар чакырып ырдап келет кан-жаным:

“Атам Манас, а мен өзүм кыргызмын! деп жазгандай, Сүкөбүз жашар өмүрүн армансыз жашады, жаза турганын кудурет-күчүнүн жетишинче жазды. Бактылуу өмүр сүрдү. Эми акындын экинчи өмүрү башталат. Ал өмүр анын китептеринде уланат, уланганда да узак жылдарга уланат деген терең ишенич бар. Ошондуктан сөзүбүздү жыйынтыктап, “Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, улуу акын Сүкө!” деп айткыбыз келет.