Өзгөрүүнү талап кылган мыйзам

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтүшү күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуш кылган преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору 11-ноябрда Бишкектеги жыйында талкууланды.

Аталган мыйзам долбоору, андагы сунуштар, дегеле шайлоо тартиби жана эрежелери тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин макаласын сунуш кылабыз.

11-ноябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жыйындар залында шайлоодо преференциалдык добуш берүү маселеси талкууланды. Талкуу кызуу да, кызыктуу да өттү.

Адегенде преференциалдык добуш берүү жөнүндө. Бул шайлоочу адегенде кайсы саясий партияга добуш бере турганын аныктоо экен. Биздин өлкөдөгү парламенттин, ал жерде отурган саясий партиялардын тегерегинде түзүлүп калган кырдаалга карата бул жаңы сунуш кылынып жаткан тандоо ыкмасы балким туура болоор, ал кабыл алынып калса мезгил көрсөтөт, тажрыйба көрсөтөт. Азырынча тигил-бул деп айтуу кыйын.

Анткени буга чейин Ишенбай Кадырбеков жана башкалар «ар бир депутат үчүн добуш берүү укугубуздан ажырап калдык» дегени көйгөйдү чечпейт. Баары бир шайлоочу ар бир депутат үчүн добуш бербейт. Болгону партиялык тизмедеги өзү жактырган кишиге же бир нече кишиге гана кошумча добуш берип, ал кишинин шайлоо тизмесиндеги ордун аныктоого кандайдыр бир деңгээлде катыша алат.

Дагы караңыз Шайлоонун жаңы ыкмасы талкууга коюлду

Шайлоодогу өтүү босогосу боюнча 3 пайыз деген коомдук ишмер Өмүрбек Текебаевдин сунушу жүйөлүү көрүндү. (Парламенттик шайлоодо жеңип чыгыш үчүн добуш топтоо босогосу 2010-жылы беш пайыз болсо, 2015-жылы жети пайызга көтөрүлгөн. 2017-жылы чекти тогуз пайызга көтөргөн мыйзам кабыл алынган).

Шайлоого катышкан шайлоочулардын 3 пайызы десек, анда босого болжол менен 50 миң добуштан жогору болот экен, канчалык жигердүү добуш берсек, ошончо көтөрүлө берет. Бул Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын санын, албетте, арбытат. Депутат болуп бир топ жаңы адамдар өтүп алышат. Балким көпчүлүк айтып жаткан жаңыланууга жол ачылат.

Бирок Жогорку Кеңеште партиялардын санынын көптүгү башкаруучу коалиция түзүүдө бир топ жаңы түйшүк жаратат. Мурдатан айтып келген парламент менен өкмөттүн иштешинин туруктуулугун камсыз кылуу маселеси оорлошот. Эске салсак, ошол 9 пайыздык босого башкаруучу коалиция менен өкмөттүн ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, жыл сайын жаңы өкмөттүн дайындалышына бөгөт коюу үчүн киргизилбеди беле.

Ошондуктан, мурдагыдай эле башкаруучу көпчүлүк түзүлүп, кайра тарап улам оюн кыла беришин токтотуу максатында жаңы эреже кошо кириши керек деп ойлойм. «Башкаруучу коалиция бир эле жолу түзүлөт. Ал тарап кетсе же ал түзгөн өкмөт кайсы бир себеп менен кызматтан кетүүгө мажбур болуп калса, анда Жогорку Кеңеш да кошо таркайт, кайрадан шайлоо болот» деп мыйзамга даана, так жазыш керек.

Башкаруучу көпчүлүктү түзгөн депутаттар жана фракциялар ойлонуп иш кылышы зарыл болуп калат. Бул жоопкерчиликти жогорулатат. Ошондой эле кайра-кайра шайлоо болсо, эл да шайлоого көнүп, мурдагы ит оорубуздан арылууга да шарт түзүлүшү мүмкүн.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин «өзгөрүүлөрдүн реалдуу ишке аша тургандарын адегенде карагыла» деген сунушу да туура. Эмки жылкы шайлоого аз убакыт калды. Азыркы айтылган сунуштардын баарын Жогорку Кеңеш бир пакет менен караса, эч бир өзгөрүү болбой калышы толук ыктымал. Талкуу көп болуп, ары тартышып, бери тартышып отуруп баары бүлүнөт. Ошондуктан 3 пайыздык босого жана ага байланыштуу маселелерди биринчи кезекте Жогорку Кеңеште карап, чечим кабыл алышы зарыл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо: 9% чектин тополоңу

Шайлоону учурдагы түзүмүн бузбай турган, бирок жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно турган компьютердик система сунуш кылынды. Шайлоону сапырылган кагаз бюллетени жок эле сенсор монитор аркылуу, сөөмөй менен чукуп эле добуш берүүгө болот экен. Канча партия чыгары, канча киши депутаттыкка талапкер катары тизмеден көрсөтүлөрү да эч кандай мааниге ээ эмес - экранда баары көрүнүп турат. Көрсөткөндөрүнө караганда ылайыктуу эле түзүм. Бирок бир топ кошумча маселелер чечилиши зарыл, эң башкысы - шайлоочулардын тизмеси деген маселени чечиш керек. Аларды чукулунан талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алып, практикалык иш жүзүнө ашыруу жагын да кароо зарыл.

Бүгүнкү талкуу көрсөткөндөй, эмдиги жылдагы шайлоону элдин ишеними болгудай кылып өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экен. Бир чоң маселе - бул учурдагы Жогорку Кенеште отурган акчалуу депутаттардын кызганычы, алардын жеке кызыкчылыгы менен сунуштардын четке кагылышы. Бул маселе боюнча экс-депутат Равшан Жээнбеков абдан так айтты. «Чынында эле акчасын түйүп алып «кайсы партиядан болсо да депутат болом» деп тургандар менен «депутат болуп калсам жер тытып иштейт элем» деген акчасы жоктордун ортосундагы карама-каршылык» деп атпайбы ал.

Ошондуктан шайлоого мүмкүн болушунча курч, талаш-тартыш маселелерди чечип алып барганыбыз дурус болчудай. Бул жерде жарандык коом тикесинен тик турушу да зарыл болуп турат, учурда коомдук кысым зарыл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.