Кадрлар алмашса, коррупция азаймак

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылууга болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Элчи Талантбеков жиберген сунуш.

Совет бийлиги кулап, Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени менен бийлик элдин көнүлүнө толгудай иш жасай албай, өнүгүүнү эңсеген эгемен элдин ишеничин актай албай келүүдө.

Мамлекетти артка тарткан негизги көйгөйлүү себептердин бири - коррупция. Канткенде коррупциясы жок алдыңкы мамлекеттердин катарына киребиз, экономикабыз өнүгөт?

Азыркы коомдогу кызуу талкууланып жаткан бажыдагы миллиондор ар бир жаранды ойлонтпой койбойт. Ушундай чоң коррупциялык схемаларды жана жалпы эле Кыргызстанды каптаган коррупцияны кантип жеңебиз?

Менин сунуштарым:

1. Коррупцияга малынган Бажы тармагын электрондоштуруу

Атайын комиссия түзүлүп, алар жүрүп жаткан иштен система аркылуу кабардар болуп турушу керек. Мисалы, Оштогу бажыдан өткөн товар электрондук таразадан өтүп, видео көзөмөлдө бардык иш байкалып турушу шарт жана комиссия ай сайын парламентке маалымат берип турууга тийиш. Эгер план аткарылбай калса, кызматты тапшырып берүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек.

Коррупция бир гана бажы тармагында эмес, бийликте жана анын бутактарында кеңири жайылган. Бала бакча, мектептен баштап Ак үйгө чейин барып такалат.

Жемкорлуктун эшигинин ачкычы дал ушул бийлик, анткени өйдөдөгүлөр астындагылардан акча талап кылып, алар төмөнкүлөргө салык салып, коррупциялык коом түзүлөт. Натыйжада мамлекеттик казынага кол салынып, кийинчерээк өлкө үчүн эмес, жеке кызыкчылык үчүн иштеген кадрлар көбөйөт. Мына ушул себептен улам коррупция күч алууда.

Коррупцияны жоюунун эң ийгиликтүү жолдору бул жаңы элитаны түзүп, аларды даярдоо. Аны менен кошо билим берүү тармагындагы эң чоң көйгөйлөрдү чечип, бала бакчадан тарта мектеп, жогорку окуу жайларындагы билим жана тарбия берүүнүн сапатын арттыруу абзел.

Президенттик жана парламенттик шайлоо акыйкат жана таза өтсө, татыктуу өкүлдөр жана татыктуу башчылар келсе, мына ошондо коррупция менен күрөш эффективдүү жүрөт.

Мамлекет башчы менен өкмөттүн гана коррупцияны жеңүүдөгү ролу чоң. Ал үчүн эмне кылуу керек? Жогоруда айтып өткөндөй билимге сугарылган жаны элитаны түптөө зарыл.

Буга чейин болуп келген бийликтин негизги кемчиликтери демократиялык принциптерди туура ишке ашыра албагандыгында. Натыйжада өздөрү баш болуп элди коррупцияга көндүрүп алды. Азыр коомдун бул оорудан кутулушу абдан кыйын.

Мындай коррупцияны жоюу үчүн саясий эрк керек. Анын негизги жолу, мурдагы кызматкерлерди жаңы адистерге алмаштырып, демократиялык баалуулуктар менен күчтүү тартипти айкалыштырып, туура ишке ашыруу керек.

Мисалы, элдин аң-сезимин паракорлукту жектегенге чейин өзгөртүү, акча алган да, берген да киши бирдей жазага тартылып, камалсын деген мыйзамдарды киргизүү зарыл. Ар бир адамдан кызматына берилип иштөөнү талап кылып, отчет алып турууну жолго салуу керек. Ушундай принциптерди бирдей алып кете алганда гана система түп-орду менен өзгөрүп, коррупция акырындык менен жоюлат деп ойлойм.

Элчи Талантбеков

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​