Ыксыз текшерүү коррупцияга жол ачат

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Орозбек Алибеков жиберген макала.

Кыргызстанда жемкорлуктун көптүгүнө эң биринчи себеп - адамдардын сабатсыздыгы жана калптын көбөйүшү деген ойдомун. Ошондуктан жемкорлукту жоюш үчүн эң биринчи кадам катары сабатыбызды жогорулатып, калпты жоюшубуз керек. Андан кийинки себеп - бийлик органдарынын түзүмү туура эмес уюшулган.

Алсак, министрликтер, агенттиктер абдан көп, бирок бири да өздөрүнө тиешелүү жумуштарды жасабастан президенттик аппараттан, Жогорку Кеңештен келген каттарга жооп берип, аларды төмөндөгү өздөрүнүн мекеме бөлүмдөрүнө таратып, жооп алуу менен гана алек. Ошол эле учурда ошол министрлик үчүн жумуш кылган мекеме-уюмдардын кызыкчылыгын булар эч качан ойлоп да, коргоп да коюшкан жери жок. Тескерисинче, ошол ишканаларды каалаганындай тоноп калчашууда. Негизги жумушту ошол мекемелер жасап жатышканы менен эмгек акыны министрликтер менен агенттиктердеги статисттер олчойтуп алышат.

Дагы караңыз Чай-чамектин тыйыны - коррупциянын башаты

Башкача айтканда төмөндөгү мекемелердин эмгеги бааланбай, төмөнкү эмгек акы менен камсыз болгондуктан (жашоо минимумга жетпеген) ар кандай жемкорлукка жол берилет. Ошол эле убакта министрликтеги аткаминерлерди да багып, айласыздан жемкорлукка барып жатышат. Алар ар кандай шылтоо менен текшерүү жүргүзүмүш болуп, мекемелерди жемкорлукка түртөт. Бул жемкорлуктун жолу президентик аппарат, Жогорку Кеңеш, министрлик, мекеме уюмдар аркылуу ишке ашып келатат.

Жемкорлуктун дагы бир себеби - текшерүүлөрдүн көптүгү. Бир мекемени бир жылда сөзсүз түрдө Эсеп палатасы, ички аудит, прокуратура, Монополияга каршы агенттик, Санэпидемстанция, Финансы полициясы, Мамлекеттик салык кызматы, Мамэкотехинспекция, өрт өчүрүү кызматы текшерип кетет. Эсеп палатасы, ички аудит, прокуратуралардын текшерүүлөрү, салыкчылар - баары «Бюджетти туура пайдаландыңбы?» деп келишет. Башкача айтканда бир эле маселе. Бирок булар бири-бирин көрө албай текшерүүнү өздөрү каалагандай жүргүзүшөт. Ар бири мекемеде 10 күндөн болгондо да ушулардын тамагы үчүн 50-60 миң сом сарпталат. Ал эми алгандарын айтпай деле коёлу. Бул акча жемкорлуктун эсебинен гана жабылат. Ошондуктан Эсеп палатасы текшергенден кийин башка текшерүүлөрдүн кереги жок го.

Антсе да Мамлекеттик салык кызматы сөзсүз түрдө текшериши азыркы убакта зарыл. Себеби мыйзамды жакшы билбеген мекемелер абдан көп. Бул да биздин билимсиздигибиздин кесепети. Чет өлкөлөрдө дээрлик салыктык текшерүүнүн жоктугу - алардын мыйзамдарды жакшы билгендигинен жана алардын чынчылдыгынан болсо керек. Прокуратурага эгер эч кандай арыз түшпөсө мекемелерди текшерүүнүн зарылчылыгы деле жок. Бизде болсо жемкорлукту күчөткөн мекемелер - прокуратура, Финполиция деп ойлойм. Алар ошол мыйзамсыз иштеген милиция, пара алып жаткандар менен күрөшсө жакшы болмок. Прокуратура кызматкерлери өздөрү сабатсыз болгондуктан ар кандай аудиторлорду жалдап мекемелерге көп жапа чектирип, жемкорлукту күчөтүшүүдө.

Дагы караңыз Коррупцияга каршы демократиялык ыкма керек

Райондук администрациялар менен шаардык администрациялардын деле азыркы убакта эч кандай зарылчылыгы жок болуп калды. Булар да коррупцияны күчөтө турган бийликтин камчы чабарлары деп ачык эле айтып койсок жаңылышпайбыз. Булар бийликтегилерге гана шайлоо учурунда аябай чоң күч болуп бербесе, эл үчүн эч кандай деле иш кылышпайт. Китеп сатып, кээ бир концерттерге, кинолорго зордоп билет сатып, гезит-журналдарга зорлоп жаздырып, лента кырккандан башка маалымат беришпейт. Адистерин жумшап мекемелерди текшерип, жемкорлуктун элементтерин көбөйткөндөн башка жумуштары калган деле жок. Булардын кесепетинен айыл өкмөттөргө да жакшы кадрлар сунушталбастан, билимсиз акчалуулар келип калышып, айылдарда жумуш жокко чыгып келе жатат. Акимдер өздөрүнөн билимдүү адамдарды сунуш кылмак беле? Анда аларга «сөөк» ашпай калбайбы.

Айылдардын дагы бир көйгөйү - эсепчилердин жоктугу. Азыркы убакта эсепчи болуп иштегендерди талдай келгенде 70-80 пайызы жараксыз болуп чыгат. Билимдүү эсепчилер азыр бюджеттик мекемелерге иштегенден коркуп калышты. Дароо эле прокуратура баса калып жүрөгүнүн үшүн алып жатып, аларды дээрлик оорулуу же жараксыз кылып таштады. Эсепчилердин укугу эч жерде корголбой, жоопкерчилиги гана күчөп калган. Эсеп түшүнүксүз жүргүзүлөт. Кээ бир учурда эсепчилер өздөрү жүргүзгөн эсебине да түшүнө бербейт. Башкача айтканда эсепке алуу иштеринде союз убагындагы иретке кайтуу жакшы натыйжа бермек.

Дагы караңыз Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт

Коррупциянын гүлдөшүнүн дагы бир себеби - мыйзамдардын талапка жооп бербегендиги жана алардын аткарылбагандыгы. Кээ бир мыйзамдар бири-бирине каршы келип калган жерлер бар. Конституция болгондон кийин ар бир тармакка өзүнчө мыйзам кабыл алыштын кереги барбы? Ошол Конституциянын негизинде өздөрүнүн жоболорун иштеп чыкса жетиштүү болот беле деген ой келет. Мыйзамдар бири бирин толуктап турса жакшы болмок, бирок андай болбой карама-каршы келген жерлер көп жолугуп жатпайбы.

Финансалык нормативдердин жоголуп кетиши да жемкорлуктун өрчүшүнө жол берип коюп жатат. Ушул нормативдердин жоктугунан улам мекемелер, айрыкча министрликтер каалаган эмгек акы коюп алып, төмөнкү иш жүргүзгөн мекемелерде эмгек жакшы бааланбай, төмөнкү айлык менен иштегендиктен мекемелерде кадр маселелеринде жетишпестик келип чыгып, жемкорлукка жол ачып берүүдөбүз. Ал эми министрликтеги, негизги ишканалардагы эмгек акы жогору болгондуктан орточо эмгек акы жогору чыгып калып, накта абал ачылбай келе жатат.

Орозбек Алибеков, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылынын тургуну, эсепчи

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.