Чек арадагы чырды чече турган сегиз сунуш

Байыркы Инжилге ишенсек адамзат бир тилде сүйлөп, ынтымактуу жашап, Кудайга жетиш үчүн Вавилон мунарасын куруптур. Ошондо Кудай жер бетине ар түрдүү тилдерди түшүрүптүр.

Ошондон бери бирин бири түшүнбөгөн Адам атанын балдарынын ортосуна чек аралар тартылыптыр. Биздеги азыр болуп жаткан чек арадагы көйгөйлөргө Инжилдеги чыгарманын эч кандай алакасы жок. Анткени мындан 100 жыл мурда тили менен дини бир элдердин ортосуна Совет бийлиги оймодой кылып ой келди кесип салган карталардын катасы бомба болуп жарылды. Эгемендүүлүктөн бери чек арадагы чуу Чубактын кунундай чубалып бүтпөй келе жатат. Кыз алышып, кыз беришип келе жаткан коңшулардын ортосуна заматта зым тартылганда Борбор Азия мамлекеттерине энесин жоготкон козудай сезим калтырды. «Бөлүнгөндү бөрү жейт» болуп, ар кайсы күчтүү мамлекеттин көзүн карап отурабыз.

Мусулманкул аталык өлөр алдында «кыпчагым, тоо таянып кач» деп дубалап кеткенби, айтор билбедим, чек ара маселесинде улам эле тоо тарапка чегинип келе жатабыз. «Кантип чечебиз?» деп оппозициясы да, «хоппозициясы» да баш оорутпайт. «Сатып кетиптир, жайлап кетиптир» деп бирине бири сөөмөй такайт. Дегеле моюнга алган эч ким жок. Баары сүттөн ак. «Ал жер кыргыздыкы эмес эле, ата-бабаларбыз Айдан келиптир» деп жанын жешет. Ушундай кыл чайналып турган кезде сегиз сунушту ортого салайын.

Сунуштарымдын биринчиси - жаза. Жазасыз калган кылмыш сөзсүз кайталанат. Чек арада чыр салган коңшулардын чагымчылары кыргыз тарапка, кыргыздардын чагымчылары коңшулар тарапка өткөрүлүп, келтирилген зыяндарды төлөп берсин. Антпесе короо-сарайларды, май куюучу жайларды өрттөш өнөкөткө айланды. Жер өрттөгөн, улуттардын ортосуна жик салган чагымчылар эки жактан тең улуттук баатыр болуп калат.

Экинчи жолу - салык жана электр энергиясы. Чек арага чектеш айыл-кыштактар жер салыгынан бошотулуп, электр энергиясы бекер берилсин. Кышында 2-3 саат эле электр энергиясын колдонгон кошуналар биздин жарандыкка өз ыктыяры менен өтөт.

Үчүнчү жолу - бюрократизм. Баткен облусун жоюп, Лейлек, Баткен, Кадамжай райондору Бишкектин башкаруусуна, Кызыл-Кыя шаары Ош облусуна өтсүн. Баткен облустук администрациясы сокур ичегидей болуп, эч кандай пайдасы жок.

Төртүнчүсү - Түркиянын жана Ооганстандын жолу. Чек арага жакын айылдагы уландардан атчандар полку түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кирсин. Түркиядагы вандык, Ооганстандагы памирлик кыргыздар дал ушул функцияны аткарышат.

Бешинчи сунушум - тарыхый кино. Тез арада «Курманбек» эпосунун, «Сынган кылыч» жана «Келкел» романдарынын негизинде тарыхый кинолор тартылсын. Сталин согуш убагында деле кинодон акча аяган эмес. Элдин рухун көтөрө турган искусство - бул жалгыз кино. Сырттан келген калмактар менен орустарга отурукташкан элге караганда көчмөндөр көбүрөөк каршылык көрсөтүп, ошонун эсебинен канчалаган жерлерден ажыраганыбызды чыгарбасак, ата-бабалардын арбагы кечирбейт. Эгер такыр эле чөнтөгүбүз тешик десек, түркиялык кандаштардан жардам сурасак болот. Тарыхый кино тартуу боюнча түрктөр эң мыкты уста. Түрк аудиториясына Түркстандагы орус оторчулук саясаты абдан кызык.

Алтынчысы - Мамат Айбалаев. Чек ара комиссиясынын башчылыгынан жакында кеткен Курбанбай Искандаровдун ордун Мамат Айбалаев жетектесин. Хан Кошойдой болгон кайраттуу аксакалды бийлик Акаевдин убагынан бери өгөйлөйт. Кыргызстандын жери Шураб шаарынан нары Канибадамга чейин болгон экен. Бул архив далилдерди жалгыз Мамат аксакал бетке коюп берет.

Жетинчи сунушум - базар жана мазар. Архивден да далил чыкпай, ит жыгылыш болуп калган талаш участкаларды орток базарга же мазарга айландырса болот. Кечээ окоптон башы чыкпай бирин бири тукум курут кылып, Биринчи, Экинчи дүйнөлүк согуштун авторлору болгон европалыктар бүгүн бир атанын балдарындай болуп Европа Биримдиги деген базарга киришти. Бул Азиянын жолборсторуна (Түштүк Корея, Гонгонг, Тайван, Сингапур) каршы аргасыз чара болду. Бизде да башка жол жок. Же өзүбүз базар ачабыз, болбосо Кытайдын базары боло беребиз. Талаш жараткан тилкелерде «жашыл базар» ачууга убакыт келди. Ал базарда бажы төлөмүсүз күндөлүк керектелүүчү кийим-кечелер, азык-түлүк сатылсын. Базардын пайдасын кезек менен бир жыл Кыргызстан, экинчи жыл коншулар көрүшсүн. Базардын арты менен чек арага жакын жакыр айылдар жанданмак, аткезчилик, кедейлик деген дартка дары болобу деген ойдогу сунуш. Таштак, карга-кузгун учпаган жерлерди орток мазарга айландырсак да болчудай. Алардын да, биздин да маркумдар бизге ыраазы болмок.

Сегизинчи жолу - бизнес саясаттан айрылсын. Саясат - бул коомдогу көйгөйлөрдү чечүүчү искусство. Тилеке каршы, биздеги саясат - байыштын оңой жолу. Партия түзө коюп, Жогорку Кеңешке келип же майлуу креслого отуруп, конкуренттерди ноктолоп, коңшу мамлекеттен келген импортту монополия кылып алышты. Айрымдар коңшу мамлекеттердин кылмыш төбөлдөрү менен эстеликке түшкөн сүрөттөрү менен эсте калса, айрымдарын кошуналардын тыңчысы деген ушак-айың ээрчип жүрөт. Бизнеси кошуналардан көз каранды болгон эргулдар кантип чек арадагы чырларды чече алат? Бул айдан ачык нерсе. Европадагы саясатчылардын катардагы мугалимден айырмасы жок, бирок кепкасын баса кийген, уялчаак базаркомдордон депутат чыккан өлкөдө мындай жупуну жашоо саясатчылар үчүн утопия.

Илгери бир шору каткан кайнене бетпак, сөз укпаган, кызмат кылбаган келинине «керегем, сага айтам, келиним, сен ук» деп какшаган экен. Азыркы бийлик дал ошол каргышка калган келиндин образында. Элден кеңеш сурабай эле пара сурап тойгузду. Мен ушул чолок акылым менен сегиз сунушту айтып жатам. Калкка кайрылса сексен сунуш айта турган даанышман аксакал-көксакалдарбыз бар. Өкүнүчтүүсү - алардын сөздөрү керегеге айтылып эле, шамал менен кошо учуп кетет.

Максат Халилов, Москва шаары

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.​
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.