Шайлоодо жаштар күчпү же жөн эле жүзбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого бир катар партияларды жаштар баштап баратат. Жаштар парламентте чын эле реалдуу күч болуп келип, көздөгөн максаттарына жете алабы? Алар саясий партиялар жөн гана жасалма жүз болуп калбайбы? Жаш лидерлер бийликке келсе, эмнелерди өзгөртө алышат? Бул суроолорго “Азаттык плюс” берүүсүндө жооп издедик.