Намысты бербеген балбан кыздар

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча өлкө чемпионатынын финалдык беттеши. Бишкек. 1-май, 2019-жыл.

Өтүп бараткан жумада Бишкекте 14 жаштан 16 жашка чейинки кыздар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Ага жети облустан 100гө жакын балбан кыздар катышты

16 жаштагы Калмира Билимбекова Ак-Талаа районундагы Тайлак Баатыр балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде окуйт. Ал 10 жылдан бери эркин күрөш менен машыгып келет.

Калмира Билимбекова (көк кийимчен) финалдык беттеш учурунда.

Айылда Калмиранын салмагындагы кыздар жок болгондуктан, ал дайыма балдар менен күрөшөт. Бүгүнкү мелдеште Калмира 53 килограмм салмак ченинде чемпион болду.

"Мелдешке бир жыл даярдандык. Мени атам машыктырат. Бул мелдеште да жанымда болуп, кеңешин айтып турду. Атамдын көңүлүндөгүдөй күрөшүп, жеңишке жеткениме сүйүнүп жатам".

Калмира ушуну менен кыздар арасында эркин күрөш боюнча төртүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону атыкты.

Калмиранын атасы Билимбек Капарбек уулу кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу.

Билимбек Капарбек уулу.

​"Кыздардын күрөшүн туура эмес кабыл алгандар өтө көп. Алыс барбай эле коёюн. Өзүмдүн эле досторум тамаша чынга аралаштырып, ушундай сулуу кызыңды сен “борец” кылып жибересиңби? Кызга күрөш болмок беле деп айткандар бар. Бирок алар кызым ийгилик жаратса "кызың азамат тура" деп макташат".

Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков соңку жылдары күрөшкө кызыккан балбан кыздар көбөйүп, коомчулуктун колдоосуна ээ болуп жатканын белгиледи.​

Күрөшкө кызыккан эже-сиңдилер.

"Он жыл мурда мелдештерге ар бир аймактан эки-үчтөн кыздар келип, жалпы саны 30га да жетчү эмес. Кыздардын тажрыйбалары да жок болгондуктан мелдеш эптеп эле өтчү. Азыр өлкө боюнча 70тен ашык кыз мелдешке катышып жатат. Катышкан кыздардын баары эки-үч жылдап күрөш менен машыгып жүргөн спортчулар. Мелдеш аябай кызуу болгонун өзүңүздөр деле көрдүңүздөр".

"Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова өңдүү кыздарыбыз уучубуз кур эмес экенин далилдеп коюшту. Ушул чемпионаттын жыйынтыгы менен Астанада өтө турган кадеттер арасындагы Азия чемпионатына бара турган курама команда түптөлөт. Эң башкысы, биздин артыбызда келечектин спортчу кыздары өсүп келе жатканы өтө кубандырат", - деди Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. ​

Мелдештин көрүүчүлөрү.

Анткен менен Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы ар кандай куракта өткөн эл аралык мелдештерге толук курамда (Адатта 10 салмакта байге ойнотулат) катыша албай келет.

Кийим которуучу жай.

Азырынча кадеттер, жаштар жана чоңдор арасында өткөн таймаштарда 4-5 салмакта гана Кыргызстандын өкүлдөрү күч сынашып жүрөт.

Жеңиштин жана жеңилүүнүн көз жашы.

Бул жаатта азырынча көп өлкөлөргө үлгү болгон Жапониянын мисалын Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев белгиледи. Анын айтуусунда Жапония кыз-келиндер күрөшүнөн өзгөчө Азия чөлкөмүндө алдына эч кимди салбай келе жатат.

Байгазы Кенжебаев.

"Жапон мамлекетинин кыз-келиндер күрөшү олимпиадалык спорттун түрү боюнча биринчи орунда турат. Отузга жакын олимпиадалык спорттун түрү болсо да, жапон элине эң көп медалдарды күрөшчү кыздар алып берет. 20-30 жылдан бери аларда талап күчтүү. Кыздарды 4-5 жашынан баштап машыктырып башташат. Секциялары да көп".

Байгазы Кенжебаев мисалга тарткан Жапониянын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы акыркы эле Кытайда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 10 салмактагы байгенин баарын төрт алтын, беш күмүш жана бир коло медалын алып кетишти.

Күрөшкө катышкан кызын колдоо үчүн келген апа.

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда миңден ашык кыз күрөш менен машыгат. Арасынан тандалып отуруп, өлкө биринчилигине 70 кыз келген. Жети облустан келген балбан кыздар 10 салмактык бөлүктө күч сынашты.

46 килограмм салмактагы алтын, күмүш жана коло байге ээлери.

Мелдештин жыйынтыгында өз салмактарында Дилназ Абдыкадырова (40 килограмм салмак ченинде), Айданек Мелисбекова (43 кг.), Бермет Нурдин кызы (46 кг.), Таңчолпон Кыбалбекова (49), Калмира Билимбекова (53 кг.), Бурулсун Бекболотова (57 кг.), Дилназ Сазанова (61 кг.), Сезим Талантбекова (65 кг.), Нурзат Нуртаева (69 кг.) жана Жанара Кубанычбек кызы (73 кг.) чемпион болушту.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.