Аялдарды коргоо акциясы: Кызга кырк үйдөн колдоо

Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө барышты. Жүрүштө аялдардын укуктарына байланыштуу ураандар айтылды. Аны ырчы Зере жетектеп чыкты.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурууда.

Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылууда.

Жүрүштү видеого тартып жаткан аял.

Акцияга катышып жаткан кыздардын бири.

Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, "Тынч митингдерге эркиндик" деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп чыгышкан.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская. 

Акцияга чыккан жигит. 

Жүрүшкө чыккандар арасында эркек балдар да көп болду.

Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган

Кыргызстан калкынын жарымынан бир аз көбүн аялдар түзөт.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон.

 

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышкан. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болгон. Мындай окуялар башка аймактарда да орун алып келет.

Ураандар арасында "Окуган кыз оорун табат", "Кызга кырк үйдөн колдоо!" деген сыяктуу жаңы түшүнүктөр да бар.

Баласына эненин атын берүү дагы - 8-марттагы жүрүштүн бир урааны болду. 

Өткөн 2020-жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен болчу. Бул окуя прогрессивдүү коомдун бөлүгүнүн катуу сынына кабыл эле.   

Ош шаарында да активисттер аялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты.

Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.

Жүрүшкө көз салып жаткан жол боюндагы аял.

Оштогу маршта кыздар өзбекче плакаттарды да көтөрүп чыгышкан. 

Ош шаарындагы акцияга катышып жаткан кыздар.