Махабат майрамындагы маанай

Бүгүн дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү белгиленүүдө.

Ыйык Валентин же ашыктардын күнү католиктердин майрамы болуп саналат. Бирок кийинки кездери кеңири жайылып, Махабат майрамы катары белгиленип келүүдө.

Биздин заманга чейинки 269-жылы 14-февралда Рим императору Клавдий сүйүшкөндөрдү жашыруун баш коштуруп жүргөн чиркөө кызматкери Валентинди өлүм жазасына буюрган. Ошондон тартып бул күн Ыйык Валентин күнү деп аталып калган.

Бул күндү белгилөө үчүн шаардагы соода борборлорунун биринде “Сүйүү дарагы” аттуу акция өткөрүлдү. Ага сүйүшкөн түгөйлөр өз каалоо-тилектерин жүрөкчөгө жазып калтырышууда.

Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды.

Махабат күнүндө бири-бирине ыйык сезимдерин билдиргендер да, аны эстегендер да арбын. 

Айрым динчилдер "Ыйык Валентин күнүн белгилөө шариятка туура келбейт" дешип, бул күндү жеригендер да бар. 

14-февраль - Ыйык Валентин күнү же Махабат күнү.