Убайымдуу бейтаптар, убактылуу ооруканалар
Кожомкул атындагы спорт ордосундагы убактылуу ооруканада бейтапты карап жаткан дарыгерлер.
Асма ийне алыш үчүн кезек күткөн бейтаптар. Бишкек шаары.
Бишкектеги ооруканалардын биринде кезек күткөндөр. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, вирус жуккандар көбөйүп, ооруканаларга түнкүсүн да кезек күткөндөр көп.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында коронавирустан каза болгон бейтаптын сөөгүн машинеге жүктөп жаткан медицина кызматкерлери.
Бейтаптарга кеңеш берип жаткан дарыгерлер.
Бишкекте төрт убактылуу күндүзгү медициналык борбор ачылды. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташканы айтылууда.
Убактылуу ооруканада пол жууп жаткан медицина кызматкери.
Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат.
Бишкектеги күндүзгү ооруканалардын биринде асма ийне сайып жаткан медайым.
Таардан убактылуу чатыр тигип жаткан жумушчулар.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасына бейтаптарды алып келип жаткан «Тез жардам» машинелери.
Раатбек Санатбаев атындагы дене тарбия борбору.
Убактылуу ооруканада бейтаптарга дары, ийне даярдап жаткан медицина кызматкерлери.
Убактылуу ооруканага керебеттерди түшүрүп жаткан жумушчулар.
Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан (3434ү Бишкекте) табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.
Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти.
Күндүзгү ооруканага кириш үчүн кезек күткөндөр. Бишкек. 5-июль, 2020-жыл.
«Газпромдун» спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационар. Ош шаары. 7-июль, 2020-жыл.