Ноябрдан бери дүйнөдөгү эң абасы кир шаарлардын сап башында келаткан Бишкекте ыштын адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу изилдөө жүрө элек.
«Арай көз чарай» талкуусуна Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Бурул Жусурова, Кыргызстандагы эл аралык университеттин кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубатбек Садырбеков, «Жардамдашуу оңой» фондунун төрайымы, активист Динара Аляева катышты.
«Азаттык»: - Кийинки күндөрү Бишкектин айрым райондорунда абадагы зыяндуу микрозаттардын өлчөмү 1200дөн ашып кеткенин «World Air Quality» уюмунун тиркемесине тутушкан шаймандар көрсөтүп жатат. Бул кишинин саламаттыгына кандай таасир этет?
Динара Аляева: - Бул көзгө көрүнбөгөн киши өлтүргүч. Өсмөнү (ракты) изилдеген эл аралык уюмдун маалыматына ылайык залалдуу шишик оорулардын келип чыгышына көбүнчө кир аба себеп болот. Элдин көпчүлүгү канчалык бул маселе орчундуу экенин аңдабай жатат. Айрыкча наристелер, анын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлар ууга каныккан абадан эң көп жабыр тартышат. Мисалы, эгер тамеки киши өмүрүнүн 1/6 бөлүгүн алса, смог ½ алып коюп жатат. Башкача айтканда көрсөткүчтөргө таянсак анда бир адам бир күндө эки кутуга чейин тамеки чегип жатканы менен барабар.
Бурул Жусурова: - Адам өмүрү эч кимди кызыктырбагандай. Биз коңгуроону кагып эле келе жатабыз. Кирдеген абадан жүрөк, өпкө оорулары, бронхиалдык астма, аллергия бронхити, мурун-каңылжаар оорулары, көздүн чел оорулары жана башка адамдын өнөкөткө айланып кетүүчү кеселдери пайда болот. Мына ушундай оорулар менен адамдар көбөйгөнү бизге даана көрүнүп жатат. Биз буга көз жумду мамиле кыла берсек өлкөдө адамдардын орточо өмүр узактыгы кыскарышына алып келет.
Кубатбек Садырбеков: - Дүйнө калкынын 90% булганган аба менен дем алып жашайт. Жыл сайын 7 миллион адам кир абага байланыштуу каза болот. Абадагы майда бөлүкчөлөр денеге киргенден кийин ички органдар сезгене баштайт. Андан соң биринчи иретте эле эндокриндик система жабыркайт. Албетте, өпкө жабыркайт. Кыргызстанда инсульт, инфаркт болгондор жашарып жатканын айтып келебиз. Бул да кир аба менен дем алып жатканыбызга байланыштуу.
Активисттер Бишкекке өзгөчө абал киргизүүнү сунуштап жатышат. Буга кандай пикирдесиз? Бишкек шаарынын тургундарына микрофон сундук.
Дагы караңыз
Бишкектеги ыш сизди түйшөлтөбү?Бурул Жусурова: - 2020-жылдын март айында катаал карантин болду. Ошондо Бишкек кадимкидей тазарып калбадыбы. Демек автоунаалардын да смог пайда болушуна таасири бар экен да. Экинчиден, азыр эч кимдин буйругун күтпөй эле көчөдө атайын беткаптарды тагыныш керек. Ар бир адам өз саламаттыгы үчүн күйүшү зарыл. Антпесе өкмөт чечкиче убакыт өтүп кетет. Ошондой эле ишкана ээлери кызматкерлердин саламаттыгын ойлосо аба тазалагычтар менен камсыз кылышы зарыл.
Динара Аляева: - Менимче бардык жарандык активисттер биригип, өкмөттөн чукул план кабыл алууну талап кылалы. Бул токтоосуз ишке аша турган иш-чаралар болушу керек. Бизде таза аба менен дем алуу укугубуз бар.
Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз: