Бир жарым жылдан кийин кагылган коңгуроо

Кыргызстанда быйыл жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес эки жума кеч, 15-сентябрда башталды. Бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болду.

15-сентябрда өлкөнүн мектептеринде билимге чакырган коңгуроо кагылды.
 

Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектепте 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Бишкек шаарында 89 муниципалдык мектеп бар. Алар 75 миң окуучуга эсептелген, бирок 170 миң бала окуйт. Бул сан нормадан 2-3 эсе көп.

1-класска барган окуучулар бүгүн алгачкы сабакты өтүштү.

Бишкектеги Жалил Сыдыков атындагы №84-орто мектепке быйыл 500гө жакын бала мектеп 1-класска кабыл алынган. 

Бишкек шаарындагы Жалил Сыдыков атындагы №84 орто мектеби. 

Билим күнү мектептерде бир топ иш-чара уюштурулду. 

Быйыл 150 миңден ашык окуучу алгач ирет мектеп босогосун аттады. 

Мектепке келе жаткан эне жана бала.

Дээрлик 1,5 жылдан бери жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери 15-сентябрда ишин баштады. Мектептерде сабактар кадимки шартта башталды.