Садыр Жапаровдун инаугурациясы

28-январда Садыр Жапаров мамлекет башчылык кызматка расмий түрдө киришти.  

Инаугурацияны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ачты. Садыр Жапаров кудайдын жана элдин алдында ак иштей турганын айтты.

Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын ичинде ант берүү үчүн басып бара жатат. 

Садыр Жапаров ант берип жатат. 

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева балдары менен. 

Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү катышты. 

 

Садыр Жапаровго төш белгини жана штандартты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

Шайланган президент Садыр Жапаров ант берүү үчүн инаугурация өтө турган Кыргыз улуттук филармониясына келип, филармониянын алдындагы Манастын эстелигине таазим этти.

Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө эл темирдей тартипти самап турганын, аны президенттик бийлик гана камсыздай турганын белгиледи. "Президенттик башкаруу - калың эл алдында керт башым менен жооп берүү" деп айтты.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин куттуктоосун Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан инаугурацияда окуп берди. Петер Буриан Бишкекке 27-январда Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген. Эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен тогузунчу жолу президенттик инаугурация өттү.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов менен бирге Өкмөт үйүн көздөй бара жатышат. 


Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген.

Бишкек. 

Садыр Жапаров жана президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Өкмөт үйүндө. 

Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаров салтанаттуу түрдө ант берип, кызматка расмий киришти.