Айша көркөм гимнастикадан чемпион болду

16 жаштагы Айша көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону болду. Ал буга чейин 2016-2018-жылдары өлкө чемпионатында алтын байгелерди уткан. 

Агата Быковская. 16 жашка чейинки кыздар арасындагы таймаштын финалдык бөлүгү Айша Изабекова менен Агата Быковскаянын атаандаштыгы астында өтүп, жыйынтыгында Айша алтын медаль тагынса, Агата күмүш медалга ээ болду. 

Көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионатына 84 спортчу кыз катышты. 

Мелдеште кыздар секирме, алкак, топ жана тасма менен көнүгүүлөрдү аткарышты.

Көшөгө артындагы көрүнүш. 

Гимнастикада келбеттүү, бойлуу, ак куу моюн кыздар бааланат. Бирок ийгиликке эмгек, аракет менен гана жетүүгө болот.

Кыздардын таланттына тажрыйбалуу калыстар баа беришти. 

Агата Быковская тасма менен көнүгүү жасап жатат. 

16 жашка чейинки кыздар арасындагы таймаштардын финалдык бөлүгүндө 8 гимнаст күч сынашты. 

Таймаштар жаш курагы боюнча үч категорияда: 10-11 жаштагылар арасында, 12-13-14 жаштагылар арасында жана 16 жашка чейинки кыздар арасында өттү.

Мелдештин жыйынтыгында көркөм гимнастика боюнча улуттук курама команда түзүлөрүн «Азаттыкка» аталган федерациянын вице-президенти Назира Айдарова билдирди. 

Айша Изабекова көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бишкекте өткөн өлкө чемпионатында ал 16 жашка чейинкилер арасында күч сынашып, биринчи болду.