«#RЕакциянын» катышуучулары Интернетти чектөөгө каршы

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары Эркиндик сейил багына топтолушту.

“Эркиндик!” деп чакырык таштаган митингчилер Эркиндик гүл багынан Акүйдүн алдына жөө жүрүш менен келишти. 

​Акциянын катышуучулары "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат", "Вето!" деген жазууларды көтөрүп турду. Ошондой эле "Баш кесмек бар, тил кесмей жок", "Эркин сөз - эркин эл", "Гүлшат - фейк депутат, мандат тапшыр!", "Кворум жок - мыйзам жок", "Элге каршы мыйзам жок!", "Сөз эркиндиги - адам эркиндиги" деген ураандарды чакырышты.

Акциянын айрым катышуучулары жана уюштуруучулары белгисиз адамдар жүрүшкө барбоого үндөп, телефон чалганын билдиришти.

Уюштуруучулар митингге миңден ашык адам катышканын айтышты.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева тарабынан сунушталып, 14-майда коомдук талкууга чыгарылган. Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Буга чейин Бишкек мэриясы акция өтөрү тууралуу маалымат жарыялангандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүчү көчөлөрдүн арасында Эркиндик сейил багы дагы бар экенин маалымдаган.

Акциянын уюштуруучулары, модераторлор пандемияга байланыштуу социалдык аралыкты сактоого үндөштү. Келгендердин баары беткап тагынышкан. Тынч жүрүшкө милиция көз салды.

«#RЕакция 3.0» акциясынын катышуучулары Ала-Тоо аянтында.

“#RЕакция 3.0” митингинде президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырган кайрылуу кабыл алынды.

Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 25-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган.

Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.