Карантин күндөлүгү: көп балалуу энелер, акчанын дайыны
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Соцтармактардын колдонуучулары Бишкек шаардык мэриянын кызматкеринин "көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм" деген билдирүүсүн кызуу талкуулашты. Ал "жардамга муктаж болуп кайрылгандардын көбү көп балалуу жалгыз бой энелер. Алар үй-бүлөнү пландоону билбейби" деген нааразылыгын билдирген. Ал эми алып баруучу Ассол Молдакматова Кыргызстанга келип түшкөн каражаттын жалпы көлөмү 164 млн. доллардан ашканын жазып, акча эмнеге коротулуп жатканына кызыкты.