Жөө калган жүргүнчү, токтогон маршрутка

Жык-жыйма троллейбуста бара жаткан жүргүнчүлөр.

Аялдамадагы жолоочулар.

2-июнда Бишкектеги маршруттук таксилер каттамга чыгышкан жок. Мындан улам такси кызматынын баасы да эки эсе көтөрүлүп кетти.

Автобуска батпай калган жүргүнчүлөр.

Баш калаада учурда автобус жана троллейбустар гана калкты тейлеп жатат.

Жал кичи району.

Москва көчөсү.

Маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда. Учурда кичи автобустардын жол киреси  күндүз 10, ал эми кечинде 12 сомду түзөт. 

Маршруттук таксилер ишке чыкпай, жүргүнчүлөр жүдөй түштү. Көпчүлүк шаар тургундары жумушка жөө барууга аргасыз болду.

Маршруттук таксилердин айдоочулары январь айында да иш ташташкан. Ага чейин Бишкек мэриясында кичи автобустарда жол акысын көтөрүү маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн билдирген. Күйүүчү-майлоочу майлардын жана тетиктердин кымбатташына байланыштуу айдоочулар жол акысын 15 сомго көтөрүүнү суранышкан.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу күн сайын жумушка чыгып жүргүнчүлөрдү ташып турат. Мындан сырткары жеке фирмалар аркылуу 20га жакын автобус элди ташып жатат.

>Аялдамада транспорт күткөн шаардыктар.

2-июнда Бишкекте шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.