Баш калаада коомдук транспорт жүрө баштады

Микроавтобустарда ар бир катарда бирден гана жүргүнчү отурат. 

Коомдук транспорттун айдоочулары да беткап кийүүгө тийиш.

Автобус жана троллейбустар менен кошо кичи автобустар да ишин жандантты. 

Аялдамада турган калпакчан киши.

Айрым автобустарда жүргүнчү дээрлик жок. Кыргызстанда 25-май майрам болгондуктан көчөгө чыккан адамдардын саны көп эмес.

Дээрлик эки айга созулган карантин учурунда Бишкек шаарында велосипед тепкен жарандар көбөйгөнүн байкоого болот. 

Соода борборлорунун кире беришинде кызматкерлер адамдардын дене табын текшерип жатат.

Соода борборлордунда кийим саткан дүкөндөр иштегени менен тамак-аш саткан жайлар жабык бойдон турат.

Бишкекте бала бакчалар ишин баштай элек. Буга байланыштуу бала бакчалар ассоциациясынын өкүлдөрү нааразылыгын да билдирип чыгышты.

Көчөлөрдө улуттук суусундук саткан эжелердин пайда болгону да социалдык медианын колдонуучуларын сүйүнтүп жаткан чагы.

25-майда Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштады. Ал арада шаардын мэриясы жүргүнчүлөрдөн 1,5-2 метрлик аралыкты сактоону, дайым беткап кийип жүрүүнү талап кылууда.