Пишпек, Фрунзе жана Бишкек. Борбор калаага 145 жыл

Пишпек шаары. 1900-жылдардын башы. (Сүрөттөр bishkek.kg инстаграмм баракчасынан алынды.)

Фрунзе жана Совет көчөлөрүнүн кесилиши. 1928-жыл. Мындан эки жыл мурда Пишпек шаары Фрунзе деп өзгөртүлгөн.

Фрунзе шаары 1930-жылдардын башы. (Азыркы Чүй жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши).

Өкмөт үйү. Фрунзе шаары, 1948-жыл. 

Фрунзе шаарындагы "Кызыл чайхана". 1948-жыл.

"Киргизия" мейманканасы. 1950-жылдардын башы. Бул мейманкана 1980-жылдары Ала-Тоо аянтын куруу учурунда бузулган. 

"Октябрь" кинотеатры. 1958-жыл.

Фрунзе шаарынын Спортивная көчөсү. 1967-жыл. (Азыркы Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилиши.)

Фрунзе шаарынын 9-кичи району. 1978-жыл. 

Ала-Тоо аянты. 1984-жыл. 

Фрунзе шаарынын 1988-жылдагы көрүнүшү. 

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн ири нааразылык акциясы. 5-июнь, 1990-жыл. Окуядан бир жыл өткөндөн кийин Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп, Фрунзе шаары Бишкек деп өзгөртүлгөн. 

Ала-Тоо аянты. 2006-жыл. 

Бишкек. 2009-жыл. 

Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши. Бишкек, 2018-жыл. 

Карантиндин кучагындагы Бишкек. 20-апрель, 2020-жыл. 

Азыркы Ала-Тоо аянты. Шаардын аты XVII кылымда жашаган Бишкек баатырдын ысымынан коюлганы айтылып жүрөт. 

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде
Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. 

 

"Ошентип 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды", - деди Садыр Жапаров..

Бишкек шаарынын негизделгенине 145 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган. 145 жылда калаа кантип өзгөргөнүн сүрөттөрдөн көрүңүз. Архивдик сүрөттөр Борбордук Мамлекеттик архивге, bishkek_kg Инстаграмм баракчасына жана Султан Досалиевге таандык.