Пандемияда майрамдалган Эгемендик күнү

Ала-Тоо аянтындагы салтанат. Көз каранды эместик күнү бул жылы коронавирус пандемиясынан улам ашыкча шаан-шөкөтсүз өттү.

Эгемендиктин урматына уюшулган иш-чарага пандемия маалында оору менен күрөшкөн дарыгерлер, ыктыярчылар катышты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков эгемендик майрамына карата Бишкекте онлайн форматта өтүп жаткан иш-чарада кыргызстандыктарды куттуктады. «Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү. Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү. Биздин элде «алам» дегенден «жардам берейин» дегендер көп экенин көрдүк. Дээрлик бардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук», - деди ал.

Ош шаарында да Эгемендик күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

31-август - Эгемендик күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө салым кошкон жарандарга, ишкерлерге, дарыгерлерге сыйлыктарды ыйгарды.

Ош шаарынын мэри шаар тургундарын бүгүнкү майрамы менен куттуктап жатат.

Токтогул эс алуу багындагы салтанаттуу иш-чара. 

Салтанатты көрүш үчүн келген Ош шаарынын тургундары.

Адатта эгемендик майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында массалык иш-чаралар менен өтчү.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн Эгемендик күнү деп жарыяланган. 

Иш-чара саат 22:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык салют менен аяктайт.

Кымча бел кыздар. 

Салтанатка келген коноктор. 

Эгемендик заманында чоңоюп жаткан балдар. 

Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 29 жыл толду.