Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имаратынан чыгып келе жатышат. 

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөрттү.

Текебаевди тарапташтары тосуп алды. 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сот залынан чыккандан кийин тарапташтарынын алдында сүйлөдү.

Парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов Текебаев менен Чотоновго кайрылып, эч качан бирөөгө кек сактап, өч албоого чакырды.

Текебаевдин айрым тарапташтары көзүнө жаш алды. 

Үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев журналисттерге интервью берүүдө. 

Текебаевдин тарапташтары. 

Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунун алдында. 

Экс-президент Роза Отунбаева «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун түрмөдөн чыгышын тарыхый күн деп атады.

Роза Отунбаева үй камагына чыккан саясатчыларды партиянын кеңсесинен тосуп алды. 

Өмүрбек Текебаев эки жылдык камактан кийин өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип бара жатат. 

Текебаев тарапташтары менен Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында. 

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасын карап жаткан соттук жараяндын жыйынтыгын күтүп жаткан аял. 

Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндөгү китептер жана Текебаев кармалган учурдагы митингдин сүрөтү. 

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотту.