Карантин шартындагы Орозо айт

Кыргызстан Орозо айтты карантин шартында майрамдап жатат. 

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечити. 

Көлөкөдө отурган аталар.

Демилгелүү шаар тургундары уюштурган "Акысыз такси" акциясы.

24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.

Бишкектеги борбордук мечит бүгүн бош турду.

Базарда нан саткан аял.

Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири.

Эт саткан жайда кезекке турган жарандар.

Бишкектеги борбордук мечиттин кире бериши.

Мечит карантинге жабылганы тууралуу билдирүү. Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттериндеги мечит, чиркөөлөр жабылып, диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынган.

Айттап жүргөн адамдар.

Бишкектеги борбордук мечиттин жанында кайыр сурап отургандар. 

Азык-түлүк алып жаткан аялдар.

Бишкектеги мечиттердин биринин жабык дарбазасы. 

Орозо айт майрамы 24-майда жекшемби күнгө туш келгендиктен 25-май дем алыш болот.

Кыргызстан Конституцияда динден тышкары, светтик өлкө деп белгиленген. Статистикалык маалыматтар боюнча өлкө элинин 80% ашуунун мусулмандар түзөт.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат.

24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.