Май токоч жыттанган таң

Ысык нанды сары май же каймак менен жесе даамы чыгат. 

Наабайчы Эсенбек Набиев. Эсенбек күн сайын түнкү саат 2:00дөн баштап күндүзгү 12:00гө чейин тандырдын жанында турат. 

Түнкү саат эки. Бишкек шаарынын тургундары мемиреп уктап жаткан чакта, калаанын так ортосунда жайгашкан наабайканада иш кызыган учур. 

Ун эленип, камыр жуурулуп, нан жасалып жаткан чак. 

Бул наабайканада май токочтун төрт түрү жасалат. 

Камырды жылуу бөлмөдө жууруш керек. Камыр ачыганда четинен үзүлүп токоч жасалат. Нан муздап калбашы үчүн тандыр камыр жуурулган бөлмөгө жанаша курулушу керек. Даяр болгон токочтор атайын терезе аркылуу наабайчыга берилет. 

Камыр ийлеп жаткан жигит. Бул наабайканада төрт жигит иштейт. Бири камыр жууруса, экинчиси токоч жасап, калган эки наабайчы тандырга нан жабат. 

Ар бир токочтун салмагы таразага тартылат. 

Май токочтун бетин кооздогон чеккич жана суу май.

Тандырда бышып жаткан нандар. 

Наабайканада бышкан нандар Бишкектеги базарларда, дүкөндөрдө сатылат. Нан саткан соодагерлер таңкы саат 6:00дө наабайканага келип, жаңы бышкан нанды алып кетет. 

Бул наабайканада эки тандыр бар. Мында иштегендер күнүнө эки миң даана нан бышырат. 

Май токочко сапаттуу ун керек. Унду наабайчылар атайын кампалардан алат. Бир күндө 5-6 кап ун кетет. 

Эсенбек наабайчы тандырга от жагып жатат. Камырды салардын алдында отту алоолонтуп жагуу керек. Тандыр табына келип кызыганда гана нан жабылат. 

 

Наабайканада жумуш түнкү саат 12:00дө башталат. Бул убакта камыр жуурулуп, түнкү саат 2:00дө даяр болгон камырдан токоч үзүлүп, андан соң тандырга жабылат. 

Жаңы бышкан нан.

Тандырга жабылган нандын 20дан ашуун түрү бар. Кадимки токоч, пияз кошулган токоч, май токоч, эт оролгон көмөч, патыр нан Кыргызстанда кеңири таралган. Ар биринин баасы ар башка. 
 

Таңкы саат 7:00дө нанга келген кардарлар.

Нандар Бишкекте дүкөндөрдөн сырткары базарларда, жолдун боюнда да сатылат. 

Наабайчылык - байыркы, мурас катары атадан балага өтүп келген кесип.