Жарандык коом сөз эркиндигин коргоп чыкты

Нааразылык акциясына чыгуу 18-декабрда саат түшкү 12де чукул башталды. 

Акциянын катышуучулары «Сөз эркиндиги!, Бардыгынын оозун жаба албайсың!, Бизге факты керек!, «Азаттыкка» азаттык!, Райым камалсын!, Уурулардын орду түрмөдө!, Реалдуу реформа!» деген ураандарды чакырып турушту.

Акцияга жарым сааттай аралыкта бүттү. Бул жолу эч кимге сөз берилген жок.

«REакция 2.0» деген тынчтык митингинин катышуучулары Башкы прокуратурага жана сот бийлигине футболдо эреже бузгандарга колдонулган кызыл айып кагазын көрсөтүштү.

Буга чейин бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Кыргызстандан миллиондогон доллар чыгарылып кеткени тууралуу тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу иликтөө чыгарган. 

Акциянын катышуучулары Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоп чыгышканын билдирип, бийликти коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды.

Матраимовдордун арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган.

Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкерелегенине карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышууда.

Нааразылык акциясы башталаганга чейин өздөрүн "Кырк чоро" деп атаган топ да Ала-Тоо аянтына митингге келди. Алар коррупцияга каршы экенин билдиришти. Бирок митингчилерге кошулбай аянттагы Манастын эстелигинин жанында турушту. 

Ала-Тоо аянты. 

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондорго коюлган эстеликтин жанында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги болду.