MakerSpace - жаш инженерлердин уясы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
3D принтер, компьютердик программалоо, ДНК жана молекулалардын макеттери, роботтор жана асманга учуучу дрондор - мунун баарын кадимки эле шаардык китепканадагы лабораториядан көрүүгө болот. MakerSpace деп аталган мектеп окуучулары үчүн жаңы робототехника, инженерия жана так илимдердин атайын борбору балдар-кыздарды жашынан инженерликке болгон кызыгуусун арттырып, техникалык кесиптерди тандоого түрткү берет.