Ахиллес, Геркулес жана Месси

Либидер аттуу күлүк.

Тажрыйбалуу улакчылар көкбөрүгө чабыла турган буудан күчтүү, шамдагай анан акылдуу болушу керек деп айтышат. Учурда улакка түшкөн мыкты аттын баасы акыркы үлгүдөгү автоунаанын кунунан эки эсе ашып түшөт.

Учурда көкбөрүнүн кадыры артып, улакчы менен катар анын минген аты да таанымал болуп турган кез.

Улак тартышка чабылган аттардын арасында "кино жылдызга" айланганы да бар.

Мисалы, көкбөрүнүн жылдызы, "Ынтымак" командасынын мыкты күлүгү Ахиллес азыр 11 жашта.

Мүнөзү курч, чапчаң, командада гана эмес өлкөдөгү улакчы аттардын сап башында турат. Ахиллес аргын, анда англис жана кыргыз жылкысынын каны айланып турат.

Ахиллес.

Азырынча өлкөдө Ахиллеске тең келчү ат туула элек. 2018-жылы "Топ спорт" Интернет булагынын тандоосу менен Ахиллеске "Жылдын мыкты күлүгү" деген наам ыйгарылган.

Былтыр Ахиллес киного тартылып ("Көкбөрү" көркөм тасмасы), кино ышкыбоздорунун да алкоосуна арзыды.

Ахиллес.

Көкбөрү боюнча Кыргызстандын абсолюттук жана III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону. Талас облусунун Көкбөрү федерациясынын президенти Жылдызбек Музуратбетов Ахиллес сатылбай турганын белгиледи. "Ынтымак" бул атты команданын тумарындай көрөт.

Манастын Бойкасы

Кыргызстандын эң мыкты улакчысы Манас Ниязов минген Бойка. Көкбөрүдө Манасты Бойкасыз, Бойканы Манассыз элестетүү кыйын.

Бойка.

Мелдештерде башка улакчылар ортодогу улакты эңип алары менен, Манаска өткөрүп берүүгө аракет кылышат. Өз кезегинде туура жеткен өткөрмө сөзсүз упайга айланат.

Бойка менен Барон. "Достук" командасынын сарайы.

Онунчу номерде ойногон улакчы Манас Ниязов жана анын аты Бойка чабуулчу болгондуктан "кыргыздын Мессиси" деген каймана наам алган.

Бирок көкбөрүгө түшкөн дагы бир Месси бар. Ал тууралуу аздан соң кенен сөз кылабыз.

Кыргызстандын дагы бир атактуу улакчысы Рустам Тыналиев менен III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көпчүлүктүн назарына түшкөн Либидер.

Учаарына ишенген Либидер.

Бул быштынын жылдызы жаңы гана жана баштады. Кыялы чалпоо, ыргыштап секирип, бир орунда турбай, туйлап турат. Жашыруун маалыматка ылайык, Либидердин баасы 10 миң долларга бааланган.

"Ынтымак" командасынын дагы бир көзгө басар аты бул - Геркулес. Кыргызстандын абсолюттук чемпиону. Англис жана владимирский жылкысы аргындашкандан туулган.

Мүнөзү жоош, ак көңүл. Жем-чөптү жакшы жейт. Мурдагы аты Томпой. Улактагы жекеме-жеке кармашта Ахиллестен кийинки орунда турат.

"Сары-Өзөндүн" жылдызы Жиган

Казак - кыргызга таанымал аттардын катарын атактуу Жиган да толуктайт. Эки асый Жиган Кыргызстандын курамасында жана "Сары-Өзөн" командасында ойногон.

Жиган.

Көкбөрүдө команданын жеңишке жетишинин 70 пайызы аттардан көз каранды. Канчалык улакчы күчтүү болбосун, минген аты өзүнө төп келбесе жарытарлык оюн көрсөтө албай, аксайт.

Жиган.

- Улакка түшкөн аттар табы, турпаты, жада калса мүнөзү да чабандесине төп келиши керек. Ошондо гана аттын да, улакчынын да атагы чыгат, - деди "Сары-Өзөн" командасынын машыктыруучусу Рамис Жунусалиев.

Мына ушул талапка жооп берген аргымактардын бири Каракуш. Анын мүнөзү, салмагы, кыймылы да чабандесине төп келет.

Каракуш.

Сыртынан жоош көрүнгөнү менен Каракуш чапчаңдыгын майданда көрсөтөт.

Чабуулда жакшы ойноп, "Ынтымак" командасынын намысына жараган ат. Аталган команданын үч жыл катары менен чемпион болушуна Каракуштун салымы зор.

Рим императорунун атын алган Максимус быйыл үч асый. "Мүнөзү оор, бала кыял, эрке жана ойноок", - деп мүнөздөмө берди ээси Индусбек Бөкөнбаев.

Максимус.

Максимус башка улакка түшкөн аттардан айырмаланып чабуулда койгондо да, коргоонууда да жакшы ойнойт. Аны минип жүргөн Эламан Нурболот уулу келечектен көптү үмүттөндүргөн улакчы.

Максимус.

Көкбөрүдө аттар үч позицияда ойнойт. Кыймылы, күүсү күчтүү, ыкчам аттар чабуулда, араба тарта алгандай күчтүү аттар жекеме-жеке кармашта, мүнөзү чапчаң, көлөмдүү аттар коргонуу үчүн тандалат.

"Достук" командасынын коргоочусу Барон чоң ат.

Барон.

Мүнөзү чапчаң Барон тайказанга умтулган аттардын жолун тороп, сүрүп, бирин да жакын жолотпойт.

Кыргыздын Мессиси

Ага-ини Ниязовдордун атагын чыгарган дагы бир ат - Месси. Мүнөзү өтө жоош, кыймылы бат жана шамдагай.

Месси.

​Мессиге кыргыз көкбөрү ышкыбоздору гана эмес, кошуна өлкөнүн күйөрмандары да көз артып келет.

Чабандеси улакты такымга басканда гана Мессинин өнөрү чыгат. Чукул бурулуп, атаандаштарын алдап, артынан түшкөндү жеткирбей оюн салат.

Месси.

Күйөрмандар буудандын ыкчам кыймылын футбол жылдызы Мессинин оюнуна окшоштурушат.

Бишкек шаарынын 140 жылдыгынын урматына уюштурулган көкбөрү боюнча мелдеште "Мыкты ат" наамын алган Капрал быйыл төрт асый. Күч-кубатка толуп турган кези.

Капрал.

​"Эрке мүнөз Капрал келечекте көкбөрүнүн мыкты аттарынын бири болот" - деди анын ээси Индусбек Бөкөнбаев.

Атактуу улакчы Тилек Урманбетовдун Торпедосун тааныбаган көкбөрү ышкыбозу жок болсо керек. Боюнун узундугу 1 метр 70 сантиметр. Торпедо мыкты коргоочу.

Торпедо.

Легендарлуу "Кабылан" командасынын атактуу аты Торпедо учурда "Сары-Өзөн" командасында тапталып жатат. Жакынкы күндөрү бул атты көкбөрү ышкыбоздору оюндардан көрө алат.

Торпедо.

Аттардын ал-күчкө, акылга толгон кези бул төрт асыйдан 10 асыйга чейинки курагы.

Бул куракта аттар оюнкараак, шамдагай келет. Ал эми 15 асыйдан ашкан соң жакшы тапталса гана жыйынтык көрсөтөт. Саяпкери жакшы атты 20-25 асыйга чейин чапса болот экен.

Кадимки Көкбет

Бир орунда турбай, туйлап, жанына жологонду тиштеген шамдагай Көкбет "Достук" командасынын мыкты аргымагы.

Көкбет.

Күлүктөр менен улакка чабылган аттарды таптоодогу эң негизги айырмачылык экөөнү эки башка суутуу керек. Күлүк аттар жыл бою суутса, ал ыкма улактын атына жарабайт. Аны маал-маалы менен гана суутуу керек.

- Бирок улакка чыккан атты деле суутуу кыйын. Сырын жакшы билбесең өлтүрүп аласың. Баарын алдын ала сезип-туюп турушуң зарыл. Атты өтө семиртпей, дем алуусун ачышың керек, - деди "Достук" командасынын саяпкери Таалайбек Мырзакматов.

Индусбек таптаган Тайлунг

Тайлунг

​Улакка чабылчу ат менен күлүктүн жем-чөбүндө өзгөчөлүк болот. Күлүккө сулу берсе, улактын аты тартылган арпа жейт. Анткени арпанын өзүн берсе ат бат казы байлайт.

- Бапестеп багылганына карабай кыялы чатак Тайлунг кээде жем жебей, суу да ичпей коёт, - дейт анын ээси Индусбек Бөкөнбаев.

Тайлунг.

2018-жылы Тайлунг көкбөрүгө биринчи жолу чабылып, дароо эле эл оозуна алынды. 9-майда өткөн көкбөрү боюнча мелдеште чабандеси Эламан Нурболот уулу экөө "Сары-Өзөн Расвет" командасынын намысына жарады.

Көкбөрүнүн көркүн ачкан Спирит

Спирит.

Кулун кезинде жетим калган азоо Спиритти ээси Рамзат жакшы таптаган. 2018-жылы Ошто өткөн көкбөрү боюнча өлкө чемпионатында Рустам Тыналиев чаап, Спирит көпчүлүктүн алкоосуна арзыган.

Кыргызстанда көкбөрүгө чабыла турган мыкты аттар көп. Бирок "Азаттык" чогултан бул фотобаянга "Биримдик" командасынын мыкты тобурчактары Туман, Комбат жана Краз кирбей калды. Команда мүчөлөрү кызгандыбы же ырым кылдыбы көргөзүүнү каалаган жок.

​«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.