Күйүмдүү уул, жакшы күйөө, камкор ата

Кыргыздын секс-символу атыккан футболчу Виталий Люкс. 

Автоунаа оңдогон Исмаил. 

Учактардын тескөөчүсү. 

Ата салтын улай. Кыргызстандын мыкты көкбөрүчүсү Сейитбек Анарбек улуу уулуна ат чапканды үйрөтүп жатат. 

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Айымдарды сулуулаган Эржан Мамажанов. 

Кыргызстандын эң келбетүү мырзасы Насыр Тургунбаев. Ал 21 жашта.

Мырзалар айымдардан кем калбай үй жумуштарын жасап, баланы да жакшы карашат. 
2018-жылдын 1-январына алынган маалыматка ылайык Кыргызстандагы эркектердин саны 3 миллион 102 миң.
 

Мал жандыктарын дарылаган агалар. 

Миграцияга аттанган жаш жигит. 

Таң атпай туруп нан жапкан Эсенбек Набиев. Эсенбек мырза күн сайын түнкү саат 2:00дөн баштап күндүзгү 12:00гө чейин тандырдын жанында. 

Өрт өчүргүч. 

Айдоочу. 

Студенттин бир тойгону орто байыганы. 

Кар күрөгөн жигит. 

Аганы көрүп ини өсөт. Жаш жоокер инилери менен, ант берүү аземинен соң. 

Өмүр сакчысы. 

Жаш сүрөтчү Кадырбек Абдылдаев. 

Иштен качпаган арабакеч. 

Кыялкеч балдар. 

Мал базарда иштеген жаш далдалчы. 

23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү. Бул күндүн урматына "Азаттык" ар өнөрдү аркалаган азыркы кыргызстандык эркектердин сүрөттөрүн чогултту.