Көмүрсүз жашай албаган Бишкек
Көмүр базар таңкы саат 8ден баштап кечке чейин иштейт.
Мындагы жумушчулар кенден казылып келген көмүрдү иргеп, тазалашат.
Кышкысын жаңы конуштарда көмүр бизнеси күч алат. Чөнтөгү жука үй-бүлөлөр жума сайын каптап көмүр алууга аргасыз.
Ноябрда өлкөдө кескин суук түшүп, көмүр баасы кымбаттап кеткен. Мындан кийин бийлик көмүрдүн баасын 3 миң сомдон ашырбоого тапшырма берген. Бул көмүр кенинде узун кезекти, айдоочулардын нааразылыгын жараткан.
Кыргызстанда көмүргө болгон таңкыстык жогору. Суук эрте түшкөндүктөн эл күз айынан тарта от жагууга мажбур.
Өзүн Бакыт деп тааныштырган соодагер бул базарда 13 жылдан бери көмүр сатып иштейт. (Сүрөттө аны колу).
"Жайы-кышы көмүр сатып иштеп, 13 жылдан бери үй-бүлөмдү багып келем. Көмүрдүн сезону августа башталат. Бул учурда адамдар кышка камына баштайт. Азыр кыш болгону менен соода жай. Эл эчак эле тонналап көмүр алып койгон. Азыр көбүнчө колу жука адамдар мүшөктөп көмүр алат", - деди соодагер.
Бул базарда көмүрдөн сырткары отун дагы сатылат. Бир кап отундун баасы 180 сом.
Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы эң башкы экологиялык көйгөй бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш каптайт. Адистер буга көмүрдүн түтүнү дагы себеп болуп жатканын айтышууда.
Кардар күткөн соодагерлер.
Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады.
Көмүр базардагы жумушчулардын нанүштөсү.
Көмүр жүктөп жаткан жумушчу.
"КамАЗ" менен көмүр түшүрүп жаткан соодагерлер. Бир "КамАЗга" 15-16 тонна, Хового 25 тонна көмүр батат.
Эс алып отурган жумушчулар.