Атуулдук ар-намысты туу туткан инсан эле

"Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу топтомго 1997-жылы жазылган "Чындык бир гана өзүңдө" жана 2003-жылы жазылган "Атуулдук биримдикке чакырам" деген эки китебинен тышкары доор тууралуу эскерүүлөр, макалалар камтылды.

Жыпар Жекшеевдин "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китебинин бет ачары 26-майда, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинде өттү.

Кыргыз Республикасынын “легендарлуу” парламентинин төрагасы, саясий илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов.

Жыпар Жекшеев 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

Жыпар Жекшеев Кыргызстандын "Кайра куруу" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде үч китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Абдувахап Нурбаев.

Жыпар Жекшеев - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ашар" козголушунун жана Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүсү, КДК партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанымал.

Жыпар Жекшеев Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев 1947-жылы жарыкка келип, 2020-жылы 21-июлда каза болду.

Кыргызстандын эгемендигине жана демократиялык өнүгүүсүнө салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.