Жогорку Кеңештин жаңы курамы ант берди

Диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков "Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келди.

Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырды. 

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Шарапаткан Мажитовага депутаттык төш белгини тапшырып жатат.​

Талант Мамытов. 

"Ыйман Нуру" партиясынан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Динара Ашымова.

Депутаттар ант берүү аземинен кийин бири-бирин куттуктап жатышат. 

Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер Эрулан Кокулов депутат катары ант берип жатат. 

Бул ирет парламентте 90 депутат болот.

Социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист Орозайым Нарматова. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан шайланып келди. 

Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары Тазабек Икрамов жана Дастан Жумабеков да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев №12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келди. 

"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров ант берүүдө. 

Депутат Жанар Акаевдин ант берип жаткан учуру.  

Жогорку Кеңешке алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра шайланып келди.

Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачты.

Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №32 Кочкор округунан шайланып келди 

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Улан Примовго депутаттык төш белгини тапшырып жатат.​

"Альянстын" лидери Алтынбек Сулайманов алардын фракциясы бүгүнтөн баштап эркин фракция болорун жарыялады.

Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып алып барды.