Бишкек: эгемендик шаңы
Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл толду.
Эгемендиктин урматына Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт уюштурулуп, келгендер ырчы-бийчилердин өнөрүнө күбө болушту.
1991-жылы 31-августта Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгон.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Гимнин ырдап жатышат.
Сооронбай Жээнбеков борбордук Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 28 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып, бийлик саясат менен алектенүүнү азайтып, экономикага көңүл бура турганын билдирди.
Майрамды көрүү үчүн келген эне балдары менен.
Бишкектеги мамлекетти негиздөөчүлөрдүн аллеясында Кыргызстанда жашаган ар улуттун өкүлдөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө.
Баш калаанын эс алуу бактарында ар түрдүү майрамдык иш-чаралар өтүүдө.
Азиянын аймактык чемпионатында жеңишке жеткен волейболчулар салтанатка чакырылган.
Ала-Тоо аянтында өткөн аземге экс-президент Роза Отунбаева баш болгон депутаттар, саясий, коомдук ишмерлер чакырылган.