"Идеал Хаустун" иши банкирди каматты

Бакиевдин уулуна тиешелүү экени кабарланган "Ideal hause" аттуу жердеги үйлөр. 30-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынганы маалым болду. ИИМдин маалыматына караганда ал мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болуп, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Идеал Хаус” турак жай комплексинин сатылышына байланыштуу кармалган. Муну айрымдар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго каршы компроматтарды топтоо аракети катары сыпаттап жатышат.

Ички иштер министрлиги БТА банктын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы, Казакстандын жараны Темир Рыскулов «Идеал Хаус» турак жай комплексинин сатылышына байланыштуу камакка алынганын кабарлады.

Рыскуловго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен айып тагылууда. Алардын бири - “Кызмат абалынан аша чаап, кылмышка кошо катышуу” беренеси.

Ички иштер министрлиги.

- Темир Рыскулов учурда №1 тергөө изоляторунда отурат. Ал «Идеал Хаус» VIP шаарчасынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бүгүнкү күнү тергөө иштери уланууда. Кылмыш Кыргызстандын аймагында болгондуктан, ал кыргыз мыйзамдарына ылайык соттолот. Ага байланыштуу Казакстан эч кандай өтүнүч келтирген жок, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Карима Жапаркулова.

«Азаттыктын» булактары маалымдагандай, Темир Рыскулов жакын арада бир нече ирет чет өлкөгө чыгып кетүүгө аракеттенген, бирок чек арадан өтүүгө тыюу салынганына байланыштуу сапарга чыкпай калган.

БТА банктын өкүлү Залина Айталиева «Азаттыкка» комментарий берип жатып директорлор кеңешинин төрагасынын камалышынын банктын ишмердигине байланышы жок экенин айтты: ​

- Анын камалышынын БТА банктын ишмердигине тиешеси жок. Ал жеке тарап катары иштерине байланыштуу камалышы мүмкүн. Темир Рысалиевич тергөө жүрүп жатканына байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилди.

Сөз болуп жаткан VIP шаарчага байланыштуу чыр 2017-жылы күзүндө эркин журналист Элнура Алканованын иликтөөсүнөн кийин башталган. Журналист видео тасмада мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болуп, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 коттедж кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткенин айтып чыккан.

Алканова "ага БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскуловдун жана андагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тиешеси бар" деген далилдерди келтирген.

Андагы премьер-министр чуулгандуу тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон. Журналисттин иликтөөсүндө Темир Рыскулов Сапар Исаковдун өнөктөшү катары көрсөтүлгөн. Кийинчерээк журналисттин айыбы жок экендиги толук далилденген.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Рыскуловдун камалышын Сапар Исаковго компромат издеп, аны кысымга алуу аракети катары баалады:

Нурбек Токтакунов.

- Биздин иш боюнча тергөө амалдары азыр токтотулду. Ошондуктан бул жерде баары түшүнүктүү, алар азыр Исаковго каршы ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Темир Рыскулов Казакстандын жараны болгондугу аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганын айтты:

- Кайсы гана мамлекеттин жараны болбосун, эгер ал дипломатиялык жана башка иммунитетке ээ болбосо, алар биздин мыйзамга ылайык жоопко тартылат.

“Идеал Хаус” боюнча Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакыт Мураталиев камалган эле. Бул ишке байланыштуу журналист Элнура Алканова да күбө катары бир нече ирет сурак берип чыкканын «Азаттыкка» билдирди.

БТА банктын 93,2 пайыз үлүшү Казакстанга таандык. Темир Рыскулов буга чейин банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, кийин төрагалык орунга келип, бул кызматты бир нече жыл аркалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.