Куурчактардын тарыхын баяндаган көргөзмө

Куурчак көргөзмөсү үч жылдан бери өтүп жатат.

"Куурчактарды эки топко бөлсө болот, - дейт көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Наталья Волощина. - Биринчи топтогу куурчактар балдарга арналган. Экинчи топко будуар стилинде, сувенир же бөлмөнүн кооздугу үчүн жасалган куурчактар кирет. Биздин көргөзмөдө бул куурчактардын баары бар".

Коллекционер Татьяна Мордачованын куурчактары. 

Татьяна Мордачова Советтер Союзу учурунда чыккан оюнчуктардын 90дон ашык түрүн чогулткан. Анын арасында 1940-жылы чыккан куурчак да бар. 

Колго жасалган куурчак - Шамахан Канышасы. 

"Номер тогуз". Автору Светлана Григорьева. 

Көргөзмөгө ата-энелер кыздарын менен келишүүдө. 

Атактуу Барби куурчагы. Бул куурчак алгач Лили деп аталып, эркектер үчүн гана жасалган.  1959-жылы америкалык Рут Хандлер жана дизайнер Жек Райан аны өзгөртүп, чачы сары, кооз кийимчен куурчакка айландырышкан. Барби куурчагынын кийимин атактуу Кристиан Диор, Ив Сен-Лоран өңдүү дизайнерлер тигишкен. 

Темир куурчак. 

Апалар ойногон жыгач куурчактар. 

Көргөзмөгө пластикадан, кездеме, жыгач, кагаз, кийизден жасалган оюнчуктар, куурчактар коюлган.

Куурчак көргөзмөсү 5-августка чейин уланат.

Айрым куурчактар бөбөктөргө да окшошуп кетет. 

Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында колго жасалган куурчактардын көргөзмөсү өтүп жатат.