Кыргыз тарыхын чагылдырган этномузей

"Улуу көч" деген миниатюралык композициядагы Токтогул Сатылгановдун эл арасында отурган образы.  

Музейдин кире бериши. Музейге кирүү акысы - 100 сом. 

Этнографиялык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, демөөрчү жана публицист Табылды Эгембердиев 2015-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.

Музей Эгембердиевдин бейнесине арналган бөлүктөн жана ат жабдыктары, тери менен темирден жасалган идиш-аяк, жыгачтан жасалган буюмдар, жаргылчак, туш кийиздер көргөзмөсү, улуттук оюндар, улуттук музыкалык аспаптар жана зер жасалгалар деген өз-өзүнчө бөлүмдөрдөн турат.

Полимер чоподон жасалган экспонаттардын көлөмү колдун манжаларындай эле. Анын автору - Акылбек Каныбек уулу. 

Уз-чеберлер музейдин көрүүчүлөрү үчүн атайын мастер-класстарды көрсөтүшөт. 

Музейдеги экспонаттар 12 жыл аралыгында чогултулган.

Тери менен темирден жана жыгачтан жасалган идиш-аяктар бөлүгү. 

Этномузейдеги туш кийиз. 

Этномузейде көрүүчүлөр экспонаттарды кармап көрүп, жада калса жаргылчак менен талкан да жасай алышат. 

"Манас" айтып жаткан Саякбай Каралаев. 

"Көк бөрү" деген миниатюралык композиция.

"Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деген миниатюралык композициялар 700гө жакын экспонаттан жасалган. 

"Өнөр айылы" миниатюралык композициянын үстүнөн көрүнүшү. 

Музейдин чыга беришинде жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” чыгармасында айтылган Кокондун ханы Шералынын өтүгү илинип турат.

Музейдеги жаргылчак.

Бишкектин чет жакасындагы “Супара” этнокомплексинде интерактивдүү этномузей ачылды.