Бишкек: эстен чыккан санитардык талап

Жүргүнчүгө жык толгон троллейбус. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр дээрлик беткап тагынышпайт. 

Ал эми маршруткада социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес. Анткени эртең менен жана кечинде отурганга эмес, туруп барганга да орун жок калат. 

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын дарбазасынын астында кезек күткөн жарандар. Бишкекте оору жугузгандар көбөйүп, ооруканаларда бош орун дээрлик жок болууда. 

Ушул күндөрү 4 675 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 228 бейтаптын абалы өтө оор, 1 358 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да айтылгандан көп экенин белгилешүүдө.

 

Бишкекте өткөн массалык иш-чаранын бири. 

Мындагы жарандар коронавирус жөнүндө унутуп калгандай, беткап тагынгандар өтө сейрек.

Бир чети күндүн ысыгы 40 градустан жогорулап жатканда көчөдө беткап тагынуу да өтө оор болууда. 

Адистердин айтымында, коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын 50 пайызы ооруну белгилери жок өткөрөт, оорубайт. Мындай бейтаптар айланасындагылар үчүн өтө кооптуу. Ошондуктан эл көп жерге барган учурда сөзсүз беткап тагынуу керек. 

Ош базары. 

COVID-19 илдетин жугузган киши жөтөлгөндө же чүчкүргөндө вирус абага тарайт. Эгер киши жабык имараттын ичинде жөтөлсө, вирус абада көпкө чейин сакталат. Бул башка адамдар үчүн кооптуулук жаратат. 

Бишкектеги калкты тейлөө борборунда кезек күткөн жарандар. 

Вирус кол алышканда, автобустун кармоочун кармаганда же бир буюмду чогуу колдонгондо да кишиден кишиге жугат. 

Бишкектеги 7-кичирайонундагы жайма базар. Бул базар ишемби жана жекшемби күндөрү таң аткандан күн батканга чейин иштейт. 

Базарларда санитардык талаптарды сактагандар аз.

Токмок шаарындагы базар. 

Адистер ачык жайларда вирусту жугузуп алуу коркунучу төмөн экенин айтышканы менен киши көп топтолгон жайларга барбай турууну сунушташат

Кыргызстанда оору күч алып, күн сайын коронавирусту жугузуп алгандар миңден ашууда. Бирок ага карабай өлкөдө күн сайын митингдер өтүп, той-аштар токтобой жатат.

 

Бишкектеги ооруканаларда орун жоктугуна карабай Бишкекте, Ошто жана Токмокто шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 133​ кишиге жетти. Күн сайын 10го жакын бейтап өмүрү менен кош айтышууда.