100 адамдын ичинен 53 адам байланышта болгондорду иликтөөдө табылган. Дагы 38 адам инфекцияны кайдан, кимден жана кандай шартта жуктуруп алганы белгисиз.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкө ичинде мындай учурлар көп катталып жатканын айтып, буларга токтолду:
«Тогуз адам сырттан келгендер, алардын ичинде жүк ташыган автоунаанын айдоочулары бар. Борбор калаада вирус мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да жуккан. Медицина кызматкерлери да ооруну жуктуруп алып жатышат”, - деди Үсөнбаев.
COVID-19 илдетин жаңы жугузуп алганы аныкталган 100 кишинин 57си - Бишкек шаарынын тургундары. Борбор калаада ооруну жугузгандар мындан да көбөйүшү мүмкүн экени божомолдонууда.
Ага карабай Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбей турганын өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов 16-июнда билдирди.
Боронов парламентте сүйлөгөндө оорулууларды дарылоонун жаңы алгоритми иштелип жатканына токтолду:
«Бизде үч түрдүү божомол болгон. Азыр биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Буга чейин оорубай эле вирусту алып жүргөндөрдү да ооруканага жаткырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө кармачубуз. Эми биз симптому жокторду үй карантинде кармап, катаал режимде карайбыз. Эгер керек болсо кайтарууга да даярбыз», - деди Кубатбек Боронов.
Буга чейин Бишкек мэриясы эгер санитардык эрежелер сакталбаса, кайрадан карантин киргизиле турганын билдирген эле.
Дагы караңыз COVID-19ду жугузуп алгандар 8 миллиондон аштыАдистер вирустун көбөйүшүн санитардык талаптар аткарылбай, аралык сакталбай жатканы менен байланыштырууда. Айрыкча коомдук транспорттун көбөйүшү, адамдардын эл чогулган жерлерде беткапсыз, эч кандай коргоочу каражатсыз жүргөнүнүн кесепетинен вирус тарап жатат дешет.
Социалдык тармактардагы жалган маалыматтар да жарандардын жөнөкөй эрежелерден баш тартуусуна шарт түзүп, инфекциянын бат тарашына себеп болуп жатканын айткандар да жок эмес. Жазуучу Олжобай Шакир мындай учурда ар бир жаран жоопкерчиликтүү болушу керек деп эсептейт:
«Бүгүнкү күндө адамдар расмий маалыматка, ооруну жугузуп алгандардын санына, фактыга ишенбей, эл ичиндеги божомолдорго ишенип жатканы таң калтырат. Социалдык тармактардагы фейктер бул божомолдорду күчөтүүдө. «Вирус бул жөн эле жомок, өкмөт андан акча жасап жатат» деген түшүнүктү жаратышууда. Менин үй-бүлөм да бул илдетке кабылды. Мындан улам вируска тоготпогондой мамиле кыла албайт экенсиң. Оору менен күрөшүүнүн жалгыз аргасы - ар бир адам өздүк гигиенаны, тартипти сактамайынча, бул ооруну жеңүүгө биздин экономиканын да, медицинанын күчү да жетпейт. Андыктан ар бир адам ден соолугуна кайдыгер болбосо, бул оорудан азыраак чыгым тартат элек».
Дагы караңыз Менин беткабым сизди, сиздики мени коргойтСаламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев өкмөт азырынча карантин киргизе албай турганын айтып, ооруканаларды күчтөндүрүү керектигин баса белгиледи:
«Бийлик өкүлдөрү, аткаминерлер санитардык эрежелерди сактагыла деп коюп, өздөрү беткап тагынбай, топтолушуп, чайканаларга чогулуп той өткөрүшүп, куран окутуп жатышат. Алар элге үлгү болушу керек эле. Андай болбой жатат. Аны көргөн эл да карантинди сактагысы келбейт. Азыр карантиндин чараларын күчөтүүгө өкмөттүн чамасы келбейт. Маалыматты эл укпай калды. Уккусу да жок. Алар азыр акча табуунун жолун издеп жатышат. Анткени эки айлык карантин элди эч ким ойлобой турганын, ар ким өз арабасын өзү тартарын көрсөттү. Мамлекет элди үйдө отургузуп багууга чамасы жетпейт. Казакстан карантинде отургандарга акча төлөп берип жатат. Биздин өкмөттө андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан ооругандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал күчөйт. Бир гана жол - медицинаны күчтөндүрүп, дарыгерлерге жардам бериш керек. Мындай учурда элди алар эле куткара алат. Оору күчөгөндө гана эл өз саламаттыгын өзү ойлоп, коргонуп, маалымат ала баштайт».
Коронавирус Кыргызстанда алгач 18-мартта катталган. 16-июнга карата өлкөдө вирус жуктургандардын саны 2472 адамга жетти. Алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду. 1844 бейтап илдеттен айыкты.
15-июнда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуу учурунда акыркы күндөрү илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин баса белгиледи.
Дагы караңыз Кыргызстанда коронавирус күчөдүУчурда Кыргызстанда коронавирусту дарылоого 3 миң сомдон 132 миң сомго чейин сарпталып жатат. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаева 16-июнда брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, чыгаша Республикалык жугуштуу оорулар клиникасындагы сарпталган акча боюнча эсептелүүдө.
Өскөнбаеванын айтуусунда, бул суммага жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар, коронавирусту аныктоочу лабораториялык ПЦР анализдеринин наркы кирбейт. Коронавируска байланыштуу ооруканага жатып, дарылоонун суммасы:
Симптомсуз форма - 3030,12 сом
Оорусу жеңил бейтаптар үчүн – 3500,63 сом
Орто даражадагылар үчүн – 10817,78 сом
Оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – 70427,31 сом
Өтө оор даражадагылар үчүн – 132 837,09 сом.
Мындан тышкары байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.
COVID-19: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы
COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгынан көз карандысыз түрдө толугу менен акысыз жүргүзүлөт.
COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптар үчүн акы ММК фонду тарабынан төлөнөт.
Бүгүнкү күндө обсервацияда жаткандардын саны - 1671 адам. 597 адам ооруканада дарыланууда. Ооруканада жаткан 32 бейтаптын абалы оор, 6 адам реанимацияда жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.