Сөз эркиндигинин көркөм дүйнөдөгү элеси

Айдар Касымбековдун "Жетишүү керек" аттуу карикатурасы. 

"Журналист эс алууда". Автору Руслан Валитов. 

"Укугум бар" аттуу карикатура. Автору Дмитрий Милосердов.

"Сөз эркиндигин колдонуп" аттуу карикатура. Автору Нурсултан Абдивалиев.

Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек түшкөн. Алар калыстардын элегинен өтүп, 1-орунга Руслан Валитовдун "Сөз эркиндиги" аттуу карикатурасы арзыды. 

Сынакта эикнчи орунду ээлеген карикатура - "Мамлекеттик ЖМКлар". Автору Михаил Томилов.

"Пресс конференция". Автору Абдибайит Турсуматов.

3-орунду Перизат Турдубекованын «Гүлдөрдүн тили» карикатурасы утуп алды. 

"Үн баскыч". Автору ташкенттик сүрөтчү Махмуджон Эшонкулов. 

«Улуу унчукпас» аттуу карикатурасы. 

«Саясатта жүрүп, бирок элдин көйгөйүн көтөрбөй, бардык бийликтин тилин таап иштешип жүргөн кишилер болот го... Кыскасы өзүнүн кара жанын гана калкалайт. Бул - ошол каарман» - деп сүрөттөдү анын автору Абдибайит Турсуматов.

Абдибайит Турсуматовдун дагы бир "Кызматтык этика" аттуу карикатурасы. 

"Сөз эркиндигин чектөө". Автору Абдибайит Турсуматов.

Махмуджон Эшонкуловдун "Таш" аттуу карикатурасы. 

"Журналисттен интервью алуу". Автору Дарья Лещенко. 

15 жаштагы Жанайым Зарылбек кызынын "Оппозициядан алысыраак" аттуу карикатурасы. 

Сынакка катышкан эмгектерди медиа уюмдардын алты өкүлү жана бир белгилүү кесипкөй сүрөтчү – Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалаган.

"Сөз эркиндигине жол бергиле". Автору Константин Шкурпела.  

"Жемкор" карикатурасы. Автору Абай Узакбаев. 

"Ар бирибиз сөз эркиндиги үчүн күрөшүүбүз керек". Автору Михаил Томилов.

3-май 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөнүн басма сөз эркиндигинин күнү деп жарыялаган. Андан бери бул күн Кыргызстанда журналистикага тиешеси бар коомдук уюмдар тарабынан белгиленип келет. 

"ЖМК полигон" карикатурасы. Автору Абдибайит Турсуматов. 

Айдар Касымбековдун "Сенин акыркы сөзүң" аттуу карикатурасы. 

"Авторитет". Автору Эрик Садырбеков. 

"Сууда сүзүү боюнча машыктыруучу". Автору Айдар Касымбеков.  

Көргөзмө 8-майга чейин уланат. 

3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.