23-апрель дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти Болот Миңжылкыевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.
Болот Миңжылкыев - кайталангыс үндүн ээси


Болот Миңжылкыев сахнада. Дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган.

Болот Миңжылкыев белгилүү сүрөтчү, актер Сүймөнкул Чокморов менен.

Болот Миңжылкыев Миландагы "Ла Скала" опера театрында ырчылык чеберчилигин өркүндөткөн.
Болот Миңжылкыев бир жашта, апасы Бахруш менен. 1941-жыл.
Болот Миңжылкыев композитор М. Мусоргскийдин “Борис Годунов” операсынын баш каарманы Борис Годуновдун ролунда.
Болот Миңжылкиев 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.