Мектептерде коңгуроонун үнү жаңырды

2019-2020-окуу жылында өлкө боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирди. 

1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды.

Билим күнү мектептерде бир топ иш-чара уюштурулду. 

2-сентябрда өлкөнүн мектептеринде билимге чакырган коңгуроо кагылды.

1-класска барган окуучулар бүгүн алгачкы сабакты өтүштү.

Бишкектеги №6 мектеп быйыл 1-класска 250гө жакын баланы кабыл алды. 

Майрамдык салтанатта жогорку класстын окуучулары ыр ырдап, мектеп босогосун жаңы аттаган окуучуларды тосуп алды. 

Кыргызстанда быйыл мектепке барган окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге чамалайт.

Өлкө аймагындагы мектептердин саны 2 миң 265ке жетти.

2019-2020-окуу жылы Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет.