Аралыктан кагылган "Акыркы коңгуроо"
Коронавирус пандемиясынан улам "Акыркы коңгуроо" салтанаты быйыл экинчи ирет онлайн уюштурулуп жатат.
Бишкектеги №77 мектептин онлайн бүтүрүү жыйынына катышып жаткан 11-класстын окуучулары.
Онлайн бүтүрүү аземин өткөрүп жаткан мугалим.
1-класстын окуучулары үчүн да онлайн "Акыркы коңгуроо" салтанаты уюштурулду.
Бишкек шаарындагы дагы бир мектепте 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн өттү.
Салтанатка жалаң мугалимдер катышты. Окуучулар Zoom программасы аркылуу салтанатка күбө болду.
№77 мектептин мугалимдери "Акыркы коңгуроо" салтанаты учурунда.
Бишкектеги айрым муниципалдык мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.
Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты.
Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебин 88 окуучу аяктады.
Коронавирус пандемиясынан улам Бишкекте мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык. Аймактарда балдар окуу жылынын жарымынан мектепке жана бала бакчага бара баштаган.
Бүтүрүүчү кыздар.
Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар.
Исфана шаарындагы Гагарин атындагы орто мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты. Лейлек району.