Ак калпакты көргөндө эске түшөт Ала Тоо

Актер Эржан Осмонов.

Парадда кыргыз бийин бийлеп жаткан кыз. 

Ак калпак кийген жоокерлер. 

Кыргыз калпагы «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп бир нече түргө бөлүнөт.

4-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында “Ак калпак күнү” белгиленип, майрамдын урматына улуттук кийимдердин парады болду.

Ак калпак күнү Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келет. 

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова.

Калпак «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот. 

Парадга Жогорку Кеңштин депутаттары, Бишкектин Ленин, Биринчи май, Свердлов району жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун өкүлдөрү, Улуттук Гвардиянын аскерлери, манасчылар, төкмө акындар, актерлор жана кол өнөрчүлөр катышты.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады:

"Канчалаган чет мамлекеттерде, маданий, спорттук иш-чараларда ак калпагын шаңкайта кийип бараткан мекендештерибизди көргөндө Ала-Тоо көчүп бараткандай сезимге бөлөп, башка элдерден айырмалап, көркөмдүк кооздугу жана касиети көрктөп турат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат деп ишенем", - деп жазылган куттуктоодо.

Суусар тебетей кийген жигит. 

Ак калпак майрамынын он жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында он боз үй тигилди. 

 

Журналист Элнура Кулуева баштаган топ уюштурган иш-чара улуттук баш кийимди аздектөө, аны кыргыз элинин баалуулугу катары даңктоо максатын көздөйт.

Быйыл ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү 2011-жылдан баштап белгиленип келет. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген.