Солис: Белизден президентке документ жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес

Wrobel&Co компаниясы даярдады делген документтин сүрөтү.

“Ата Мекен” фракциясы Белизде жалдаган юридикалык компания Кыргызстанга келген документтерди күбөлөндүрдү делген Wrobel&Co компаниясын издеп жатат.

Кыргызстандык үч депутат бул компания байланышка чыкпаса, анда Белиздин соту аркылуу көрсөтмө алууну көздөп жатышат. “Азаттык” бир айдан ашуун убакыт мурда "Белизгейт" боюнча иликтөө жүргүзүп, Wrobel&Co компаниясынын жетекчисинин юридикалык жардамчысы Вианни Солис менен байланышкан.

“Азаттык”: Сиздер Кыргызстанга кайсы бир документти жөнөттүңүздөр беле?

Вианни Солис: Жок, биз эч кандай документ жөнөткөн эмеспиз.

“Азаттык”: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Белизден келди делген документтердин сүрөттөрүн жарыялаган. Ал документтерде сиздердин компаниянын адвокаты Раян Ж. Вробел койгон колун көрүүгө болот. Анда анын колу бул документтерде кандайча пайда болуп калды?

Вианни Солис

Вианни Солис: Биз нотариалдык кызмат көрсөтөбүз. Эгер Вробел мырза кайсы бир документке кол койгон болсо ал күбөлөндүрүү жана апостил коюу үчүн кылган болушу мүмкүн. Бул Вробел мырзанын колу эмне үчүн ал документте турганынын жалгыз гана түшүндүрмөсү. Биз мындай кызматты башка компанияларга сунуштайбыз. Биз документтерди [Кыргызстанга] президентке жөнөтүшүбүз мүмкүн эмес. Нотариалдык кызмат үчүн бизге кайрылган өнөктөштөргө документтерди күбөлөндүрүп беребиз.

“Азаттык”: Раян Вробел Кыргызстанга же “Альфа Телекомго” байланыштуу кандайдыр бир документтерге кол койгонбу же аларды күбөлөндүргөнбү?

Белизден алынган жооп

Белизден алынган жооп

Пеннил апостил менен Белиздеги“Wrobel&Co” компаниясынын адвокаты Раян Ж. Вробелдин колун гана тастыктаганын, бирок ал документтердин мазмуну эмне жөнүндө экенин билбей турганын, Кыргызстанга жөнөтүлгөн документтер тууралуу укпаганын "Азаттыкка" билдирди.

Вианни Солис: Жок, андай документтер тууралуу так билбейбиз. Биз документтер тууралуу маалыматтарды, аларды көчүрмөлөрүн сактабайбыз. Бардык иш документтер алып келинген учурда гана жасалат. Биз аларды салыштырып, толук тартипке ылайык экенин текшеребиз. Вробел мырза нотариус катары аларды күбөлөндүрөт. Андыктан кандай документтер жөнөтүлгөнүн, аны ким жөнөткөнүн айта албайбыз.

“Азаттык”: Буга чейин Avalon Consultants Limited компаниясына байланыштуу кандайдыр бир документтерди күбөлөндүрдүңүздөр беле? Анткени Белизден Кыргызстанга келди делген документтердин арасындагы “Ишеним декларациясында” бул компаниянын аты жүрөт.

Вианни Солис: Андай компания тууралуу бизде эч кандай катталган маалымат жок. Жогоруда айтып кеткендей, биз маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн сактабайбыз. Биз келген документтерди гана күбөлөндүрөбүз.

“Азаттык”: Кыргызстандык үч саясатчыга байланыштуу документтерди күбөлөндүрдүңүздөр беле?

Вианни Солис: Жок, бизде эч кандай документ жок. Биз аларды күбөлөндүргөн болсок да, биз көптөгөн компанияларга нотариалдык кызмат көрсөтөбүз, андыктан маалымат бизде сакталбайт. Биз документтерди гана күбөлөндүрүп, алар мыйзамдуу экенин гана карайбыз.

“Азаттык”: Мыйзамдуу экенин кантип текшересиздер?

Раян Ж. Вробел

Вианни Солис: Бизге оригинал документтер алып келингенин текшеребиз. Документтерге коюлган кол менен паспорттогу колду салыштырабыз. Биз мыйзамдуу эмес документтерди күбөлөндүрбөө үчүн бардык чараларды көрөбүз.

“Азаттык”: Сиздер Кыргызстанга байланыштуу эч бир документти күбөлөндүргөн жокпуз деп жатасыздарбы? Же эстей албайбыз деп айтып жатасызбы?

Вианни Солис: Биз аны кылсак да эстей алмак эмеспиз. Анткени бизде маалыматтар сакталбайт. Вробел мырза документтерди күбөлөндүрүү менен гана алек болот. Андыктан биз аны күбөндүргөнбүз же күбөлөндүргөн эмеспиз деп так кесе айта албайбыз. Эгер бизге документтерди жөнөтсөңүздөр, биз аларга кол койгонубузду же койбогонубузду так айта алабыз.

P.S. Wrobel&Co компаниясынын өкүлү Вианни Солис менен бул интервьюдан кийин “Азаттык” Белизден келди делген документтердин сүрөттөрүн эмейл аркылуу жөнөтүп, документтердин аныктыгын тактап берүүнү өтүнгөн. Бирок Белиздеги бул компания дээрлик бир жарым айдан бери “Азаттыктын” өтүнүчүнө жооп бере элек.