Ак-Турпактын ажайып күрүчү

Шалы кургатып жаткан дыйкан. Быйыл анын түшүмү мол болуп кубанып турган чагы. 

Баткенде шалы жолдун боюнда кургатылат. Ал үчүн дыйкандар Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтү менен Өзбекстандын Риштан районун бириктирген эски автоунаа жолун пайдаланышат.

Күрүч өстүрүү - түйшүктүү жумуш. Ал жайы бою суу үстүндө, күн нурунан кубат алып өсөт.

Күзүндө аны кылдат кургатыш керек. 

Дыйкандар түшүмдү Ош-Баткен-Исфана жолунун боюнда машинелерге жолтоо болбогондой кылып жайып кургатышат.

Баткен күрүчү май айынан баштап айдалып, октябрда жыйналат.

Жергиликтүү эл шалыны оруп алгандан кийин күрүч талаасын жайыт катары пайдаланат.

Баткенде жалпысынан 2,5 миң гектарга жакын күрүч айдалат.

Чек ара аймагындагы жолдун узундугу 3 чакырымга жакын.

Жол боюнда кургап жаткан шалы. 

Баткендин күрүчү кошуна Тажикстан менен Өзбекстандан сырткары Орусиянын базарларында да сатылат. 

Шалы тегиз кургашы үчүн аны улам аралаштырып туруш керек. 

Иштен саамга тыным алып, маектешип жаткан дыйкандар. 

Кургаган күрүчтү жыйноого бардык үй-бүлө мүчөлөрү катышат. 

​Аба ырайы жакшы болсо жаңы шалы 5 күндө кургап, акжувазга (тегирмен) даяр болот.

Тегирменден тазаланып чыккан күрүч түз эле Баткендин базарларына сатыкка коюлат. 

Ушу тапта Баткенде күрүчтүн килограммы сортуна жараша 50 сомдон 110 сомго чейин сатылууда.

Ак-Турпактын күрүчү жумуру, берекелүү. Тамак жасаганда майды көп талап кылбайт. Ар ким табитине жараша кошумчаларды аралаштырып палоо басса болот. 

Жумуру күрүч ар түрдүү кошулмалардын даамын өзүнө сиңирип, палоо даяр болгондо өзгөчө буруксуган жыт берип, адамдын табитин ачат. Ак-Турпактын күрүчүнөн жасалган палоону жеген сайын жегин келет. 

Баткенде күрүч бышып, иш кызыган учур. Жергиликтүү дыйкандардын жай бою өстүргөн күрүчү бышып, шалы кургатууга убакыт жетти.