Баткен: куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Ок атышуу учурунда үйүн таштап качып чыккан аял. 

Чек ара жаңжалы, 27-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты.

Расмий маалыматка караганда, 28-январь саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.

Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. 

Көк-Таш айылында чек арадагы ок атышуу учурунда эки сарай ичиндеги малы менен өрттөнүп кеткен. 

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Октон жабыркаган унаа.

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.

Көк-Таш айылынын тургундарына бекер көмүр таратылууда. 28-январь, 2022-жыл.

Көк-Таш айылынын көмүр алуу үчүн келген тургундары.

Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө.

Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. 

27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. 

Учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.