Жээнбеков менен Рахмон жолукту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөштү.

 

Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында, андан соң Чолпон-Ата шаарында уланарын билдирди.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолушушар алдында Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундары менен жолугуп, чек арадагы кырдаал бийликтин көзөмөлүндө экенин жана чек арага жакын айылдардын маселеси жакын арада чечиле баштарын айтты.

«Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ай-Сай айылынын тургундары. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Исфара шаарында жолугат.

22-июлда түштөн кийин Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, алар алгач бири-бирин таш менен урса, кийин ок атылган. Эки тараптан 20дан ашык киши жабыркап, алардын айрымдарына ок жаңылса, кээ бирине таш тийген. Окуядан бир тажик жараны каза тапкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара маселесин Исфарадан кийин Чолпон-Атада талкуулашат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 26-28-июль күндөрү Кыргызстанга болгон сапарына байланыштуу, Ысык-Көл районунун Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки аралыкта бардык автоунаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президент Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чегинде жолукту.